Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтγнγн (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Нарын шаарынын мэриясы менен Субкредиттик макулдашууну түзүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2016-жылдын 21-ноябры № 497-б Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын ,8-июлундагы № 105 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну (мындан ары - Кредиттик макулдашуу) ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Нарын шаарынын мэриясы менен тѳмөнкү шарттарда Субкредиттик макулдашууну түзсүн:
- кредиттин суммасы 2 млн (эки миллион) евро;
- кредитти пайдалануу үчүн пайыздык ставка - кредиттин иш жүзүндө өздѳштүрүлгөн суммасына Еврибор + жылдык 1,5 %;
- күрөѳлүк камсыздоо - кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынган жабдуулар жана башка мүлк;
- кредиттин негизги суммасы жана пайыздар жарым жылда 1 жолу, ар бир жылдын 14-майында жана 14-ноябрында 25 бирдей бөлүк менен төлөнөт, мында кредитти төлөөнүн биринчи датасы - 2018-жылдын 14-майы жана кредитти тѳлѳөнүн акыркы датасы - 2030-жылдын 14-майы;
- төлөм кечиктирилген учурда мөөнөтү өткѳн карыздар пайда болгон учурдан тартып ушул карызды кошо алганда толук төлөнүп бүткөн датага чейинки финансылык санкциялар - Еврибор + жылдык 5 %;
- кредиттин өздөштүрүлбөгөн суммасы үчүн жылына 0,5 % өлчөмүндө комиссия, ал Кредиттик макулдашууга кол коюлган датадан тартып 60 күндөн кийин эсептелет;
- эсепти ачуу үчүн бир жолку комиссия кредиттин суммасынан 1 % өлчөмүндө.
2. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтγнγн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктѳлсүн.
Премьер-министр
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2025-жылдын 25-декабрындагы № 1143-т (Нарын шаарынын мэриясынын бюджеттик кредиттер боюнча карызын жөнгө салуу туу- ралуу) ТЕСКЕМЕСИРаспоряжение · 25.12.2025 · № 1143-т
- Нарын шаардык кеңешинин 2019-жылдын 21-майындагы № 13 "Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан алынган кредитти төлөп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2019 · № 13
Шилтеме берет (2)
- 2015-жылдын 8-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыздоо жана…Закон · 08.07.2016 · № 105
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон