Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин - 2 «Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 5-марты № 94/XXVIII - 2 Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө
“САЖ Кудайберген-жол” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 12-февралындагы №01-4-69, “Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун 2019-жылдын 4-мартындагы №7 “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:
-“Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 70 (жетимиш) сом ; -“Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 25 (жыйырма беш) сом;
- Кайыңды шаарынын ички каттамы бир адам үчүн бир тарабына 10 (он) сом.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
У.Б. Абдрасулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
- Кайыңды шаардык кенешинин 2021-жылдын 25-майындагы № 16/III-8 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.05.2021 · № 16/III-8
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Автомобиль транспорту жөнүндөЗакон · 19.07.2013 · № 154
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон