Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кенешинин «Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2021-жылдын 25-майы № 16/III-8 Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө “Жумадил” жоопкерчилиги чектелген уюмунун “Жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуунун тарифин бекитип берүү жөнүндө” кайрылууларын, №334 “Бишкек-Кайыңды, №329 Кара-балта- Кайыңды багыттары боюнча каттамдардын жүргүнчүлөрдү ташуудагы өздүк наркын карап чыгып, аталган багыттар боюнча каттамдардын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 12-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “ “Автомобилдик транспорт жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Кайынды шаарынын аймагынан жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга (маршруттук таксилерге) тарифтер төмөнкү тартипте бекитилсин:
- Маршрут 334 “Кайыңды-Бишкек” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 80 (сексен) сом ;
- Маршрут 329 “Кайыңды-Кара-Балта” багыты боюнча каттамга бир адам үчүн бир тарабына 30 (отуз) сом;
2. 2019-жылдын 05-мартындагы №94/ХХVIII-2 токтом жокко чыгарылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Иманкулов Э.Т.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 5-мартындагы № 94/XXVIII - 2 "Кайыңды шаарынын жүргүнчүлөрүн ташуучу коомдук автоунаасынын тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2019 · № 94/XXVIII - 2