Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 „Автомобилдерге май куюуну станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕНЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 2-апрели № 94 Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюуну станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга он жылдык мораторий белгиленсин.".
2. Бишкек шаарынын мэриясына (Азыгалиев У.Ш., Алымкулов А.Э.) 2019-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө техногендик жана экологиялык коопсуздукту эске алуу менен Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялардын ишин жөнгө салуу маселесин деталдуу талдап чыгуу жана Бишкек шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизүү тапшырылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (Абдраев Б.К.) жана Бишкек шаарынын мэри А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
Ж.Абиров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"…Постановление · 19.11.2013 · № 58
- Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-мартындагы № 113 "Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн…Постановление · 04.03.2024 · № 113
Шилтеме берет (2)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"…Постановление · 19.11.2013 · № 58
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37