Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 „Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 4-марты № 113
Бишкек шаардык кеңешинин "Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" жана "Борбордун статусу жөнүндө" мыйзамдарын жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станцияларды курууну тартипке келтирүү, экологиялык, техногендик коопсуздукту камсыздоо максатында, транспорттук айрылыш маселелерин чечүү үчүн, Бишкек шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы №58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "2. Бишкек шаарынын аймагында автомобилдик май куюучу станциялар үчүн жер участогун бөлүүгө жана аларды курууга мораторий 2033-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөткө белгиленсин."; 2-2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: "Автомобилдик май куюучу станциялар үчүн мораторий менен белгиленген чектерде жайгашкан мурда берилген жер участоктордо төмөнкүлөрдү куруу жана долбоорлоо үчүң гана функционалдык багытын өзгөртүүгө уруксат берилет: социалдык объекттерди; гүлбакчаларды, сейилбактарды же жашыл зоналарды; социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттери менен көп ярустуу токтомолорду жана унаа туруктарды, ошону менен бирге, эксплуатацияга киргизилүүчү аянттардан социалдык, маданий жана тиричилик багыттагы объекттер 30%дан көп эмес болушу керек."; 6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.".
2. Бишкек шаарынын мэриясы 2024-жылдын 1-майына чейинки мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 94 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюучу станцияларды куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктун аткарсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин регламент, этика, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик жана жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюу станцияларын долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө"…Постановление · 19.11.2013 · № 58
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 94 "Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 58 "Автомобилдерге май куюуну станцияларды куруу үчүн жер…Постановление · 02.04.2019 · № 94