Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бел айылдык кеңешинин «Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө» токтому
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин ( алтынчы чакырылышынын) кезектеги онунчу сессиясы
2018-жылдын 03-марты №10-4 Бел айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3 жана 1-мартындагы №5-токтомун бекитүү жөнундө Бел айыл аймагынын Бел айылынын Кашка мааласындагы Бел айылынын чыга беришиндеги аты жок көчөлөргө ат коюу жөнүндөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3-токтомун жана 1-мартындагы №5- токтомун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштары” жөнүндөгү 67-мыйзамынын 7-беренесинин”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”жөнундөгү Мыйзамынын 18-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн 2008-жылдын 19-августундагы №467-токтому менен бекитилген”КЫргыз Республикасынын географиялык объекттерди атоо,алардын аталыштарын өзгөртүү,аларды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндөгү” Жобонун 6- пунктуна ылайык Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги 10-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын Бел айылыдагы Кашка бөлүмүндөгү Абдувалиев Мурзакматтын үйүнөн Сранчов Сапардын өздөштүргөн багына чейинки аралыктагы көчөгө Орозбаев Жаанбайдын атын коюу жөнүндөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-январындагы №3-токтому,Бел айылынын чыга беришиндеги май куюуучу ишкананын күн чыгыш тарабындагы Азамбаев Нургазынын үйүнөн Каримов Муктардын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө Сулайманов Каарбайдын атын коюу жөнундөгү Бел айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-мартындагы №5-токтому бекитилсин.
2. Аты коюлган көчөлөргө тиешелүү болгон көрөнөктөрдү, үйлөрдүн номерлерин жаздырып илдирүү,көчөлөрдү иреттеп,тартипке келтирүү иштерине демөөрчүлук кылуу маркумдардын балдарына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ш. Ж. Сулайманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- С.Атабеков айылдык кеӊешинин 2018-жылдын 20-январындагы №3 "Социалдык маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 20.01.2018 · № 3
- Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 1-мартындагы № 5 "Кызмат ордуна бетитүү" токтомуПостановление · 01.03.2018 · № 5
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон