Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-04-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 18-марты № 160
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн
мурда шайлоону уюштуруу жана материалдык-техникалык
жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2005-жылдын 11-апрелинде-
ги № 134-111 "Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шай-
лоону дайындоо жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн жана шайлоо комиссиялары-
на Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдо-
ого жана өткөрүүгө жардам көрсөтүү, жер-жерлерде шайлоо комиссиялардын
иштерин материалдык-техникалык камсыздоону ыкчам чечүү максатында жана
Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекске ылайык Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Министрликтер, мамлекеттик комитетер, администрациялык ведомс-
тволор, мамлекеттик комиссиялар, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары-
на шайлоо өнөктүгүн даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруучулук-техникалык
маселелерди чечүүгө жардам көрсөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2005-жылга республи-
калык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө
каралган финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасы-
нын Ички иштер министрлиги менен бирдикте шайлоону даярдоо жана өткөрүү
мезгилинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республика-
сынын мыйзамдарынын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыздасын.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жер-
гиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, аскердик
бөлүктөрдүн командирлери:
- жер-жерлерде шайлоо комиссияларына шайлоону даярдоого жана
өткөрүүгө такай иштиктүү жардам көрсөтүшсүн;
- шайлоочулардын тизмелерин даярдоонун сапатына өзгөчө көњүл бу-
рушсун;
- шайлоо комиссияларына жай бөлүп берүүгө жана добуш берүүнү
өткөрүүгө, автотранспорт жана материалдык-техникалык каражаттар менен
камсыздоого байланышкан маселелерди чечишсин;
- шайлоо алдындагы басма үгүт материалдарды илүү үчүн атайын жаб-
дылган жайларды, дубалдарды бөлүп беришсин;
- "Шайлоо" автоматташтырылган мамлекеттик системасынын иштеши үчүн
тийиштүү шарттарды камсыздашсын жана аны тажрыйбалуу системдик адми-
нистратор кадрлар менен комплектилөө боюнча чара көрүшсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республика-
сынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезги-
линде коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту, анын ичинде шайлоо
комиссияларынын жайлары жана добуш берүүчү жайлар күзөтүлүшүн, алардын
өрт коопсуздугун, шайлоо бюллетендерин жасоонун кайтарылышын жана кооп-
суздугун, шайлоо бюллетендерин ташыган автотранспорт каражаттардын кош-
топ жүрүлүшүн жана кайтарылышын камсыздашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар минист-
рлиги төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- шайлоо өткөрүүгө байланыштуу жүктөр шайлоо комиссияларына бирин-
чи кезекте жеткирилишин;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын, райондук (шаардык) жана участоктук шайлоо ко-
миссияларынын шайлоо боюнча документтери ыкчам жеткирилишин, ошондой
эле мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары үчүн белгиленген тарифтер боюнча шайлоо комиссияларына
фельдъегерлик жана атайын байланышты берүүнү.
7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
шайлоо комиссияларына:
- тийиштүү органдарда кызмат өтөп жатышкан жарандардын;
- тергөө изоляторлорундагы жана убактылуу кармоочу изоляторлордогу
жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоого көмөк көрсөтүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республи-
касынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, бийликтин
жергиликтүү аткаруучу органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары:
- шайлоочулардын тизмелерин түзүү үчүн маалыматтардын Кыргыз Рес-
публикасындагы шайлоо жөнүндө кодекстин 21-статьясынын 2,3, 4, 7, 9,
10-пункттарында жана 22-статьясынын 1-пунктунда белгиленген тартипте
жана мөөнөттөрдө берилишин камсыздашсын;
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекстин 20-статьясынын
1, 2, 3, 4, 5-пункттарында, 11-статьясынын 6-пунктунда, 45-статьясынын
4-пунктунда, 65-статьясынын 1-пунктунда белгиленген тартипте жана
мөөнөттөрдө шайлоо участокторун уюштурууга, участоктук шайлоо комиссия-
ларын түзүүгө, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө прото-
колдорду тийиштүү шайлоо комиссияларына тез жеткирүүгө көмөк көрсөтүүнү
камсыздашсын.
9. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жергиликтүү мамле-
кеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
менен бирдикте калк арасында алдыдагы Кыргыз Республикасынын Президен-
тин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун маанилүүлүгү жөнүндө кењири түшүндүрүү
иштерин жүргүзсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министр К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Правительства КР от 3 ноября 1998 года №476-рРаспоряжение · 03.11.1998 · № 476 · Күчүн жоготкон