Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Авлетим айылдык кеңешинин «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө» токтому
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2017-жылдын 22-сентябры № 4/6 «Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылындагы борбордук көчөгө маркум Орозбай уулу Эшбайдын ысымын берүү жөнүндө»
«Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-беренесине ылайык Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылынын тургундарынын сунушуна жана укук мыйзам жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна (Протокол № 3 12.09.2017-жыл) ылайык Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Жаңгактуу-Булак айылын аралап өткөн борбордук көчөнүн Жаңгактуу-Булак айылынын чегиндеги бөлүгүнө Орозбай уулу Эшбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Көрнөктөрдүн формасын жана өлчөмдөрүн аныктап берүү, алардын туура жайгашуусуна жана жазылуусуна көзөмөлдүк кылуу Авлетим өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Авлетим айыл өкмөтү менен макулдашылган «Орозбай уулу Эшбай атындагы көчө деген» көрнөктү жана үйлөргө номерлерди илүү Эшбайдын неберелерине сунуш кылынсын.
4. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарын, маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген. «Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү боюнча даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
6. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Токтом www.avletim.aksy.kg сайтына жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Социалдык” маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
Төрага
А. Шырдаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67