Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Токмок шаардык кеңешинин «Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVII СЕССИЯСЫ
2018-жылдын 8-февралы № 125/17-4 Токмок ш. К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгынын 26.01.2018-ж. чыг.№058/18/05-1/807 катын карап жана талкуулап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 2-февралындагы протоколуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин” 4-б.,339-б., Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик салык кызматынын Токмок шаары боюнча башкармалыгына Токмок шаарынын үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктору менен пайдаланганы үчүн жер салыгынын жана айыл чарбалык эмес багыттагы жер салыгынын эсептешүүлөрдө колдоонуу үчүн К3 зоналык коэффициенти төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:
Зоналарынын категориясы
Токмок ш. кварталдарынын №
Колдонулуучу коэффициенттер (К3)
I - зонасы
17,18,19,20,21,22,23,24,25,26,27,28,29,30,31,32, 33,34,35,36,37,38,39,42,43
1,2
II - зонасы
1,2,3,4,5,6,7,8,9,10,11,12,13,14,15,16,40,41,44, 45,46,47 жана өнөр жай зонасы
1
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкерликти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
Т.А. Солтобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3