Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” токтому
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ кезектеги XIII сессиясы төртүнчү чакырылышы
2018-жылдын 20-июну № 130 «Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө” Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2018-жылдын 3-майындагы №032-03/1935 Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасын карап берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин «Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары» жөнүндөгү 337-беренесинин негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 19-июнундагы №15 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаары боюнча айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары өзгөрүүсүз калтырылсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага
Ж.Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон