Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык Кеңешинин «Жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык Кеңешинин кезектеги X сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 26-декабры № 103 Жер тилкелерин трансформациялоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 14-декабрындагы Ош шаарындагы «Манас Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун менчигиндеги жер тилкесин «Айыл чарба» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформация үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоого макулдук берүү жөнүндөгү №716/08-13 кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы «Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө» Жобого, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11- 13-беренелерине, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамынын 1-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2017-жылдын 18-декабрындагы № 34 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Манас Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун менчигиндеги, Ош шаарынын Аэропорт көчөсү №54-1 дарегинде жайгашкан, «Айыл чарба» категориясындагы 23167,0 чарчы метр жер тилкесин Ош Эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин кеңейтүү үчүн трансформациялоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарын сактоо менен сунуштоого макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага
Ж. Ормонов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 токтому менен бекитилген Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун…Положение · 22.01.2008 · № 19
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 "Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун же бир түрүнөн башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби…Постановление · 22.01.2008 · № 19 · Күчүн жоготкон