Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Жекенди айылдык кеңешинин «Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө» токтому
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2017-жылдын 12-декабры №11/3 Жекенди айылдык аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жер салыгын бир эсе көтөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2014-жылы 31-декабрь № 182, 2016-жылдын 12-августундагы № 167 Мыйзамдарынын редакцияларынын Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 337-беренесинин Айыл чарба жерлеринин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларынын 6-пункутуна ылайык Жекенди айылдык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагынын айыл чарба багытындагы жер салыгын айыл чарбасынын жерлерин пайдалангандыгы үчүн базалык ставкасы 2018-жылга чейин 1 га жерге 91 сом 50 тыйын болсо, 2018-жылдын 1-январынан тартып 1 га жерге 183 сом болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Жекенди айылдык аймагынын улук салык инспектору А.Эшовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.
Тѳрага
С. Халилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 12.08.2016 · № 167 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз РеспубликасынынЗакон · 16.03.2010 · № 51 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2014 · № 182 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон