6-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн өкүлчүлүгү
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Патенттик ишенимдүү өкүл кызмат көрсөтүү боюнча аны менен келишим түзгөн ар бир адамдын кызыкчылыгын билдирүүгө укуктуу. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн иш жүргүзүүгө укуктуулугу ага өз атынан ишин жүргүзүү үчүн берген адамдын ишеним каты менен ырасталат. Кыргызпатенттин жана мамлекеттик бирдиктүү патенттик кызматтарга кирген уюмдардын алдында өкүл экендиги жөнүндөгү кардар берген ишеним кат, патенттик ишенимдүү өкүлгө жазуу жүзүндө берилет жана ал нотариустун тастыктоосун талап кылбайт. Кыргыз Республикасынан тышкары жашаган жеке жактардын жана чет өлкөлүк юридикалык жактардын ишеним каттары ошол документти берген өлкөнүн мыйзамдарында каралган тартипте түзүлүшү керек, эгерде документтин аныктыгына шектенүү пайда болсо, аны ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жараша же жакын мамилелештиктин негизинде талап коюлбаган учурларды кошпогондо, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын консулдук мекемесинде ачыкка чыгарылууга тийиш. III Глава Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктарын алуу тартиби
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/406/st-6" title="6-статья - Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>