5-статья. Аттестациядан өтүүчүлөргө коюлуучу талаптар
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68
Патенттик ишенимдүү өкүл катары төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар аттестациядан өтүшү жана катталышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болушкан;
2) патенттик ишенимдүү өкүл катары иш жүргүзүү үчүн арыз берген учурда Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жана юридикалык дареги болгон;
3) жогорку кесиптик билими бар;
4) интеллектуалдык менчик объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган деңгээлде иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билген адамдар;
5) (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(5-статьянын 5-пункту КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын 19-январындагы Чечимине ылайык аракетин жоготту) Патенттик ишенимдүү өкүл катары:
1) интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана анын ведомстволоруна кирген уюмдардын кызматкерлери;
2) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишкердик иштер менен алектенүүгө тыюу салынган кызмат адамдары менен кызматкерлер аттестациядан өткөрүлбөйт.
3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактар.
(КР 2005-жылдын 31-мартындагы № 58, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 марта 2005 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишенимдүү өкүл катары төмөнкү талаптарга жооп берген адамдар алынып салынды: аттестациядан, кайра аттестациядан өтүшү жана катталышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын … туруктуу жашаган жери жана юридикалык дареги болгон;
3) жогорку кошулду: кесиптик билими бар;
4) алынып салынды: өнөр жай менчигинин кошулду: интеллектуалдык менчик объектилерин, селекциялык жетишкендиктерди коргоо боюнча … укуктук актыларын, эл аралык келишимдерди билген адамдар;
5) алынып салынды: мамлекеттик тилди өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн керек болгон көлөмдө билген.
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(5-статьянын 5-пункту КР Конституциялык Сотунун 2006-жылдын … кызмат адамдары менен кызматкерлер аттестациядан өткөрүлбөйт.
кошулду: 3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган жеке жактар.
(КР 2005-жылдын 31-мартындагы № алынып салынды: 58 Мыйзамынын кошулду: 58, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы №155 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик объектилеринин мамлекеттик реестрлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.02.2012 · № 155 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Конституциялык сотунун 2006-жылдын 19-январындагы («Патенттик ишенимдуу окулдор жонундо» 19-февраль 2001-жылдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясынын 5-пункту жана…Решение · 19.01.2006
- Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.03.2023 · № 68
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/406/st-5" title="5-статья - Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>