13-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68
Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тарап менен түзгөн келишим боюнча милдеттерин квалификациясыз же сапатсыз аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлктүк жана башка жоопкерчилик тартат. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн өзүнүн кесиптик милдеттерин начар аткарып жаткандыгына байланыштуу ар кандай адамдардын даттанууларын, ошондой эле өзүнүн иш-аракети менен Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын талаптарын бузган учурда, аларды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын апелляциялык комиссиясы карайт. Патенттик ишенимдүү өкүл өзүнө коюлган талаптарды бузган учурда, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөндөгүдөй чараларды көрүшү мүмкүн, алар:
1) эскертүү жарыялоо;
2) (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) Реестрден 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чыгарып, аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүү;
4) Реестрден чыгарып, 5 жыл катары менен аттестациядан өтүүгө укук бербөө.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"Редакцияларды салыштыруу
23.03.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…төмөндөгүдөй чараларды көрүшү мүмкүн, алар:
1) эскертүү жарыялоо;
2) алынып салынды: экзамендин жыйынтыгы канааттандырарлык болбогон учурда Реестрден чыгаруу менен аттестация дайындоо;
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3) Реестрден 1 жылдык мөөнөткө убактылуу чыгарып, аттестациялоонун … чыгарып, 5 жыл катары менен аттестациядан өтүүгө укук бербөө.
кошулду: (КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/406/st-13" title="13-статья - Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>