12-статья. Патенттик ишенимдүү өкүлдүн милдеттери
Күчүндө · 23.03.2023 редакциясы
Кардардын кызыкчылыктарын билдирүүчү патенттик ишенимдүү өкүл, эгерде кардардын аракеттеринде эч кандай чектен чыгуулар болбосо, ишенген тарап жагынан берилген укуктардын алкагында иш алып барууга, ишенген тараптын укуктарын бузууга жол бербөө максатында керектүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл ага өзүнүн ишин жүргүзүп берүүсүн суранган же анын ишин кароого катышып берүүсүн суранган адамдын кызыкчылыктарына айрыкча карама-каршы келген башка адамдардын кызыкчылыктарын билдирүү же аларга консультация берүү түрүндөгү тапшырмаларды алууга, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүл ишти карай турган кызмат адамы менен туугандык жайы болсо, анын мындай тапшырмаларды алууга укугу жок. Патенттик ишенимдүү өкүл ишенген тараптан материал алганда, аны алгандыгын ырастоого жана келишим боюнча көрсөтүлгөн мөөнөт же ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө, ошондой эле кардардын талабы боюнча бул материалдардын түп нускасын кайтарып берүүгө милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл мамлекеттик органда иштеген мезгилде өзүнүн кесиптик ишин токтотууга милдеттүү. Патенттик ишенимдүү өкүл өз иш-аракетин токтоткондо, патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн юридикалык жагы жоюлганда же кайрадан түзүлгөндө, патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген тарапка билдирүүгө, ошондой эле материалдарды анын ордуна келүүчү адамга өткөрүп берүү үчүн сактап турууга милдеттүү. Юридикалык жак жоюлган же ишенген тарап дүйнөдөн кайткан учурда, алардын кызыкчылыктарын билдирип жүргөн патенттик ишенимдүү өкүл бул жөнүндө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана ишенген тараптын укуктук мураскоруна билдирүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 23.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/406/st-12" title="12-статья - Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>