Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Жарнама
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
1. Балдар үчүн даректелген жарнамалык кулактандырууларда же балдардын образын пайдаланууда алардын кызыкчылыктарына зыян келтирүүдөн качуу керек.
2. Жарнамалык кулактандырууларды берүүдө төмөнкүдөй чектөөлөр болууга тийиш:
- Корпорация жарнамалардын көлөмүн өзүнүн күндөлүк берүүсүнүн 10%дан ашпаган өлчөмүндө чектейт;
- жарнамалык вставкалардын жалпы көлөмү берилген бир сааттык мезгилдин ичинде 6 мүнөттөн ашпоого тийиш;
- жарнамалык материалдар керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка кириптер кылууга, алардын кызыкчылыктарына коркунуч келтирүүгө тийиш эмес;
- аң-сезимге таасирин тийгизген жарнамалык кулактандырууга жол берилбейт;
- жарнамалык кулактандырууларда жаңылыктар программаларын жана учурдагы окуяларды дайыма алып баруучулардын образдарын, алардын визуалдык же речтик абалын пайдаланууга болбойт;
- тамеки заттары жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт;
- алкоголдук ичимдиктер жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт,
- оюн-зоок бизнеси жөнүндө жарнамалык кулактандырууга уруксат берилбейт;
- мыйзам тартибинде уруксат берилбеген дары-дармек, медициналык каражаттарды, продукцияларды жана медициналык багыттагы техникаларды чыгарууга жана сатууга байланышкан жарнамага тыюу салынат;
- тиешелүү аткаруу бийлик органынын уруксатысыз дарылоо, алдын алуу, диагностика жана реабилитация ыкмаларын жарнамалоого уруксат берилбейт;
- Корпорация саясий партиялардын жана шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин же алардын атынан жарнамалык материалдарды, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодексте каралгандан башка учурларда,трансляция кылбайт.
Социалдык жарнаманы жүргүзүүгө жана трансляциялоого уруксат берилет.
Корпорациянын байкоочу Кеңеши жарнаманы жайылтууга кошумча чектөөгө, анын ичинде ушул Мыйзамда каралган жарнамалык убакытка караганда көп чектөөнү белгилөөгө укуктуу.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-9" title="9-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>