Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
10-статья. Демөөрчүлүк
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
1. Корпорациянын теле- жана радиоберүүлөрүнө карата демөөрчүлүк иштер төмөнкүдөй шарттарга жана талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- демөөрчүлүк программалардын мазмунуна жана расписаниесине эч кандай таасир этпөөгө тийиш;
- демөөрчүлүккө алынган телерадиоберүүдө демөөрчүлүктү маалымдаган так жана ачык титрлер, жазуулар жана кулактандыруулар сөзсүз түрүндө телерадиоберүүнүн башында жана/же аягында берилүүгө тийиш;
-демөөрчүлүккө алынган телерадиоберүүлөр демөөрчүнүн же үчүнчү жактын сатууларын, сатып алууларын же товарларды же кызматтарды ижарага алууну, атап айтканда, ушул товарлар же кызматтар тууралу мындай телерадиоберүүлөрдө эскертүү жолу менен кубаттоого алынбоого тийиш.
2. Телерадиоберүү тармагындагы кайрымдуулук иштер жана меценатчылык Кыргыз Республикасынын кайрымдуулук иштер жана меценатчылык жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат Өндүрүлгөн кайрымдуулук товарлары, иштери жана кызматтары жөнүндө берүүчүнүн маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт.
3. Маалыматтык, саясий жана диний телерадиоберүүлөргө карата кайрымдуулук, меценаттык жана демөөрчүлүк иштерге тыюу салынат.
Өндүрүп чыгаруучулардын иш аракетинин негизги түрү болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган товарларды өндүрүүгө, ишке жана кызматтарга демөөрчүлүк иштерди жүзөгө ашырууга тыюу салынат.
Шайлоо процессинин учурунда демөөрчүлүк Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө кодекси менен жөнгө салынат.
III глава
Корпорациянын ишин уюштуруу
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-10" title="10-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>