7-статья. Корпорациянын укугу жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
Алдына коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн
1. Корпорация төмөнкүлөргө милдеттүү:
- республиканын бардык аймагына так, объективдүү маалыматтарды жайылтууну жүзөгө ашырууга;
- коомчулук талап кылган бардык багыттарды эске алуу менен ар түрдүү программаларды камсыз кылууга;
- мамлекеттик телерадиоберүүнүн материалдык-техникалык базасын өркүндөтүүгө жана өстүрүүгө багытталган зарыл иш-чараларды өткөрүүгө;
- телерадиоберүү тармагында чет өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө;
- аудиовизуалдык техникалар жана технологиялар тармагында дүйнөлүк аналогдорду пайдалануу менен мамлекеттик телерадиоберүү ишин өнүктүрүүнүн бирдиктүү саясатын иштеп чыгууга;
- мамлекеттик эмес телерадиоуюмдарына консультативдик жардамдарды көрсөтүүгө;
- Корпорация тарабынан чыгарылган телерадиоберүү продукцияларынын архивин түзүүгө, телевизиондук фильмдерди чыгарууну жүзөгө ашырууга;
- теле- жана радиоберүүнүн жалпы көлөмүнүн 50 пайыздан кем эмес көлөмүн мамлекеттик тилде жүзөгө ашырууга;
- атамекендик теле- жана радиоберүүлөрдүн берүү көлөмүн 60 пайыздан кем эмес, чет элдик өндүрүштөгү теле- жана радиоберүүлөрдүн үлүшү 40 пайыздан ашпоосун камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын расмий билдирүүлөрүн жайылтууга жана алардын ишин чагылдырууга.
2. Корпорация төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- телерадиоберүүнү жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана башка юридикалык жана жеке жактардан керектүү маалыматтарды алууга;
- объективдүүлүктүн жана айкындыктын маалыматтык принциптерине ылайык өз ишин өз алдынча түзүүгө;
- аларга чыгармачылык өз алдынчалыкты берүү жана чыгарган продукциясы үчүн жоопкерчиликти жүктөө менен уюмдарды, ишканаларды, бирикмелерди, топторду жана кабарчылар пункттарын (анын ичинде чет өлкөдө) түзүүгө (жоюуга);
- өз алдынча менчик аудио- жана видео продукцияларын, архивдик теле -жана радиоберүү продукцияларын ишке ашырууга, теле- жана радиопрограммаларын жана атамекендик жана чет өлкөлүк өндүрүштүн фильмдерин өз ара алмашууларды жүргүзүүгө;
- атамекендик жана чет элдик өндүрүүчүлөрдүн, ошондой эле жеке жактардын видео продукцияларын ээликтөө укугундагылардын макулдугу менен акысыз негизде жайгаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген консультациялык, жарнама-басма, үйрөтүү жана башка ишкердиктерди жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте нускамаларды, жоболорду, эрежелерди жана башка ички ведомстволук ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга катышууга жана алардын аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
- телекөрсөтүү жана радио маселелери боюнча координациялык жана эксперттик кеңештерди, убактылуу чыгармачыл жамааттарды жана жумушчу топторун түзүүгө;
- Корпорациянын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча келишимдик негизде, чет өлкөлүктөрдү кошкондо, илимий мекемелерди, окумуштууларды жана адистерди тартууга;
- белгиленген тартипте ведомстволук ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө, кайра түзүүгө же жоюуга, алардын жоболорун (уставдарын) бекитүүгө же күчүн жоготту деп табууга;
- белгиленген тартипте өз алдынча каржылоо шарттарында чарбалык түзүмдөрдү түзүүгө жана алар аркылуу келишимдик негизде колдонуудагы мыйзамдын чектеринде акы төлөнгөн консультацияларды, маалыматтык-тактама жана башка кызматтарды жүзөгө ашырууга;
- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акы төлөнгөн кызматтарды (иштерди) көрсөтүүгө;
- атамекендик жана эл аралык телерадиоберүү уюмдары менен кызматташууга;
- корпорациянын максатына жетүүгө багытталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишкердикти жүзөгө ашырууга.
3. Корпорация жыл сайын улуттук радионун жана телекөрсөтүүнүн эфирдик программаларын ар түрдүү кылууга жетүү максатында, ошондой эле коомдун кызыкчылыгын канааттандыруу үчүн башка теле жана/же радиоберүү уюмдары чыгарган продукциялар үчүн жалпы эфирдик убактын 30 пайызын (маданий-агартуу багытындагы коммерциялык эмес программалар) тендерге коюуга укуктуу.
Тендердин жеңүүчүсү тиешелүү программаларды чыгаруу боюнча чыгымдарды өзүнө алат, ал эми Корпорация эфирдик убакыттын 30 пайызын акысыз негизде сунуш кылат.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-7" title="7-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>