6-статья. Корпорациянын максаты жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
1. Корпорация жарандардын маалыматтарды эркин алуу боюнча конституциялык укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында түзүлгөн.
2. Корпорациянын негизги милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- улуттук телерадиоберүүнү атамекендик жана дүйнөлүк маданияттын мыкты салттарына ылайык жүзөгө ашыруу;
- коопсуздукту, анын ичинде маалыматтык коопсуздукту жана мамлекеттин бүтүндүгүнө сактоого мүмкүнчүлүк түзгөн маалымат саясатын жүзөгө ашыруу;
- өлкөнүн, мамлекеттик биримдигин, жарандык коомду сактоого жана чыңдоого көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү маалыматтык телекөрсөтүү жана радиоберүүлөрдү калыптандыруу жана анын дүйнөлүк маалымат процесстерине кирүүсүн активдештирүү;
- демократиялык мамлекет катары Кыргызстандын чыныгы саясий жүзүн калыптандырууга жана колдоого багытталган маркетингдик, маалыматтык жана жарнама саясатын активдүү жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасы, анын ички жана тышкы саясаты жөнүндө, өлкөдө жана чет өлкөлөрдө болуп жаткан процесстер жөнүндө маалыматтарды жайылтуу, расмий билдирүүлөрдү жайылтуу;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик бийлик органдарынын иши, социалдык-саясий жана башка окуялар жөнүндө керектөөчүлөргө оперативдүү маалымдоо;
- журналистиканын бийик стандарттарын, толеранттуулук стандарттарын камсыз кылуу, ар бир адамдын укугун сыйлоо;
- экономикалык, публицистикалык, маданий-маалыматтык, көркөмдүк окутуучулук, оюн-зооктук, спорттук телерадиопрограммаларды, ошондой эле балдар жана өспүрүмдөр үчүн телерадиопрограммаларды бийик профессионалдык, көркөмдүк жана техникалык деңгээлде жаратуу жана жайылтуу;
- айрым мамлекеттик органдардын артыкчылыктуу абалын түзүүдөн качуу менен мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын ишин бирдей денгээлде чагылдыруу;
- калктын ар кандай улуттук, социалдык, курактык жана башка топторунун ой-пикирлерин эркин билдирүү үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-6" title="6-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>