Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Корпорация Кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун тартиби
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
Кеңештин мүчөлүк кызмат ордуна талапкерлер окуу жана илимий мекемелерден, коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар тарабынан көрсөтүлөт.
Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер жогорку билими жана 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам болушу зарыл.
Төмөндөгү адамдар Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт:
- мамлекеттик кызматта тургандар;
- расмий посту ээлегендер же саясий партиянын штатында тургандар;
- Корпорациянын же берүүчүлөрдүн башка кызматкерлери;
- бардык деңгээлдеги мамлекеттик башкаруу органдарынын шайлануучу кызмат ордун ээлегендер;
- берүү же телекоммуникация чөйрөсүндө кызматта туруп, ушул тармактан эмгек акы алып же аларга карата тике жана кыйыр финансылык кызыкчылыктары барлар.
Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 10 талапкерди сунуш кылат, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5өөнү бекитет.
Жогорку Кеңеш 10 талапкерди көрсөтөт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен алардын ичинен 5өөнү бе-
китет.
Жарандык коом (окуу жана илимий мекемелер, коомдук бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары жана башка уюмдар) өзүнүн сунушун жазуу жүзүндө профилдик комитетке киргизет. Комитет сунушталган талапкерлердин арасынан жогоруда аталган критерийлер боюнча тандоо жолу менен 10ун тандап алып, алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши рейтингдик добуш берүү жолу менен 5өөнү бекитет.
Жогорку Кеңеш Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары аяктоого 3 ай калганда талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө сунуштарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.
Добуш берүүнү даярдоону компетенциясына жалпыга маалымдоо каражаттары кирген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети жүзөгө ашырат.
Талапкерди көрсөтүү жана аларды бекитүү ачык өтөт. Комитет талапкерлердин акыркы тизмесин жарыялайт жана аларга талкуу ачык жыйналышта жүргүзүлөт.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-13" title="13-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>