12-статья. Корпорациянын байкоочулар Кенеши
Күчүн жоготкон · 02.06.2008 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 июня 2008 года № 106.
1. Корпорациянын башкаруучулар кеңеши Корпорацияны башкаруунун жогорку органы (мындан ары - Кенеш) болуп эсептелет.
2. Кенеш курамы 15 мүчөдөн туруп, 5 жылга шайланган коллегиялуу орган болуп эсептелет. Партиянын лидерлери, Жогорку Кенештин депутаттары же мамлекеттик кызматкерлер Кеңештин мүчөлөрү боло алышпайт.
Кенештин курамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан беш жылга бекитилет жана:
а) Кыргыз Республикасынын Президентинен - 3 мүчө;
б) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинен - 3 мүчө;
в) жарандык коомдон - 3 мүчө болуп түзүлөт.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана жалпыга маалымдоочу каражаттардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
Кенештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда өздөрүнүн саясий ишин жана саясий уюмдардагы мүчөлүгүн токтото турушат.
4. Кенештин мүчөлөрү алар шайланган мөөнөт аяктаганда өз ыйгарым укуктарын токтотушат.
Кенештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:
- жеке өтүнүчү боюнча;
- өлгөндө же Кеңештин мүчөсүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк бербеген оорута чалдыкканда;
- Кенештин жыйналыштарына жүйөлүү себептерсиз катары менен 3 жолу катышпаган учурда;
- жазык кылмышы жасалган учурда.
Жогоруда каралган учурларда Кенештин мүчөлөрүн чакыртып алуу жана жаны өкүлдөрүн дайындоо ошол талапкерди көрсөткөн тарап тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Кеңештин мүчөлөрү Корпорация менен иштиктүү катнашта боло алышпайт.
Кеңештин мүчөлөрү өз милдеттерин акысыз аткарышат.
Кеңештин мүчөлөрүнө алардын кызматтык милдеттерди аткарып жаткандарына байланыштуу келтирилген чыгымдар транспорттук жана суткалык чыгымдар кошулуп кайтарылат.
Берененин тексти 02.06.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/404638/st-12" title="12-статья - Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>