Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Александровка айылдык Кеңешинин «2017-жылга 1,2 жана 3-топтогу мүлк салыгын жана жер салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө» токтому
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Айылдык Кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылыштагы 2016-жылдын 10-октябры № 93 2017-жылга 1,2 жана 3-топтогу мүлк салыгын жана жер салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 1-январынан тартып 2008-жылдын 17-октябрындагы Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Салык Кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Александровка айылдык аймагында жер салыгы (айыл чарба багытындагы жерлерине, айыл чарбага дайындалбаган жерлерине жана короо участкаларын колдонгондугу үчүн жер салыгы) жана 1,2 жана 3-топтогу мүлк салыгы колдонууга киргизилсин. 2017-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 327-беренесине ылайык 1-топтогу мүлккө Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 330-беренесинде каралган жеңилдиктерди колдонуусу менен салык салынсын. Ушул чечим Москва району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгына, Москва райондук Кеңешине жеткирилсин жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айылдык Кеңешинин бюджеттик, социалдык жана этикалык комиссиясынын төрагасы М.Ю.Давузовко жүктөлсүн.
Төрага
Ш. Ягузов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон