Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 92 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШ ТОКТОМ 2018-жылдын 5-апрели № 62 Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомун аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеңеш ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
2. (Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтомуна ылайык күчүн жоготот)
3. Ыйгарым укуктуу орган Бишкек шаардык кеңешке жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына отурумдардын бекитилген протоколдорунун көчүрмөлөрүнүн тиркемелери менен өткөрүлгөн комиссиялар жөнүндө отчетту ай сайын берсин.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободогу:
7-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет."; "8-пункттагы "комиссиянын жыйынында катышып жаткандар" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын."; "61-пункттагы "комиссиянын жыйынында катышып жаткандар" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын."; 63-пункттагы "комиссиянын жыйынында жана конкурстун жеңүүчү болуп" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын."; 81-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: "81. Ар бир функционалдуу багыты боюнча аянтын аныктоосуз (бөлүүсүз) келишимде көрсөтүлгөн жер участогу көп функционалдуу багытта болгон учурда, мындай жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участогун өздөштүргөнгө чейин функционалдуу багыттардын саны боюнча тең үлүшкө жер участогунун аянтын шарттуу бөлүү менен жүргүзүлөт."; 87-пункттагы "сот тартибинде" деген сөздөр алынып салынсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө жободогу:
- 6-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтары бириктирилсин жана төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет."; 6-пункттагы "комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; 26-пункттагы "комиссиянын жыйынында катышып жаткандар" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; 34-пункттагы "комиссиянын мүчөлөрү" деген сөздөрдүн алдына "комиссия өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду жана комиссиялардын курамдарын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун аталышындагы "жана курамдарын" деген сөздөр алынып салынсын;
1-пункттун төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп эсептелинсин;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жободогу:
- бардык текст боюнча "Муниципалдык менчик башкармалыгы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет.";
- 6-пункттагы "комиссиянын мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдүн алдына "комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.";
- 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин;
"12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыздайт.";
- 17-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү боюнча комиссия жөнүндө жободогу:
бардык текст боюнча "Муниципалдык менчик башкармалыгы" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "2. Комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилет."; 6-пункттагы "комиссиянын мүчөлөрү тарабынан" деген сөздөрдүн алдына "комиссиянын жыйыны өтүү күнүндө" деген сөздөр менен толукталсын; 12-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "12. Ыйгарым укуктуу орган комиссиянын мүчөлөрүн жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кирген депутаттарды жыйын өткөнгө чейин 10 календардык күнгө чейин кабарлайт жана боло турган жыйындын материалдары менен камсыздайт."; 17-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жоболорун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жободогу:
- 6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"Комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөндөгүдөй курамда түзүлөт:
- Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү;
- "Бишкекбашкыархитектура" МИнин өкүлү;
- Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлү.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.";
- төмөндөгүдөй мазмундагы IX глава менен толукталсын:
"IX. Корутунду жоболор
49. Ыйгарым укуктуу органдын жер участогун бөлүп берүү жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.";
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жободогу:
- 2.6-пункт төмөндөгүдөй редакцияда берилсин:
"2.6. Райондук комиссиянын курамы:
- Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын өкүлдөрү;
- жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү;
- Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлү.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын райондук муниципалдык администрациясынын чечими боюнча коомчулуктун өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн.".
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К.Конгантиев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Р.К.Макеновго жүктөлсүн.
Төрага
А. Кененбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (7)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду комиссиялардын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.12.2011 · № 289
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарды акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобо (Бишкек шаардык кеңешинин…Положение · 20.12.2011 · № 288
- "Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобо (Бишкек шаардык…Положение · 20.12.2011 · № 288
- Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабры № 288 "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик же ижара укуктарын берүүнүн тартиби жана шартын…Постановление · 20.12.2011 · № 288
- Положение о порядке формирования очередности граждан на получение земельных участков (утверждено постановлением Бишкекского городского Кенеша депутатов от 9 июля 2007 года № 339)Положение · 09.07.2007 · № 339
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 92 "Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 92
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 289 "Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча жоболорду комиссиялардын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 20.12.2011 · № 289
- Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 92 "Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө тууралуу" токтомуПостановление · 05.10.2023 · № 92
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2018 · № 59
- Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 13 августа 2007 года № 339 "Об утверждении положений о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное…Постановление · 09.07.2007 · № 339
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө Жобо (Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлу № 339 токтомуна)Положение · 09.07.2007 · № 339
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Ленин айылдык кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы №22/1 "Жаны окуу жылына карата С.Карыев ,А.Жээнбеков, С.Жаанбаев жана Тооашкан баштооч мектептеринин 2011-2012-окуу жылына…Постановление · 30.09.2011 · № 22/1