Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө тууралуу» токтому
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 92
Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченемин белгилөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:
2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу"; 2022-жылдын 29-июнундагы № 42 "Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жана Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө"; 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 308 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө" жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"; 2017-жылдын 3-октябрындагы № 32 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 "Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү тартиби жөнүндө" жана "Бишкек шаарында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун алууга жарандардын кезектүүлүгүн түзүү тартиби жөнүндө" жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу"; 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 "Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңешинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".
2. Бишкек шаарынын мэриясына Бишкек шаарынын мэриясынын мурда кабыл алынган токтомдорундагы техникалык каталдарды четтетүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган документтер менен иштөөнүн ички регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
3. Бишкек шаарында жеке турак үйлөрдү куруу үчүн жер участокторду берүү ченеминин өлчөмү шаар куруу документтерине ылайык белгиленет жана 0,04 гектардан кем эмес болбошу жана 0,06 гектардан ашпашы керек.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык менчик, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К. Конгантиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 13 августа 2007 года № 339 "Об утверждении положений о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное…Постановление · 09.07.2007 · № 339
- Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2018 · № 62
- Бишкек шппрдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 308 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы N 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу…Постановление · 26.04.2012 · № 308
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 42 "Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү…Постановление · 29.06.2022 · № 42
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 32 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү…Постановление · 03.10.2017 · № 32
Шилтеме берет (7)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы № 177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 06.05.2005 · № 177
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 13 августа 2007 года № 339 "Об утверждении положений о порядке предоставления земельных участков под индивидуальное жилищное…Постановление · 09.07.2007 · № 339
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Бишкек шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 62 Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Бишкек шаардык кеңештин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2018 · № 62
- Бишкек шппрдык кеңешинин 2012-жылдын 26-апрели № 308 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы N 339 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарында жеке менчик турак үй куруу…Постановление · 26.04.2012 · № 308
- Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 29-июнундагы № 42 "Бишкек шаардык кеңешинин 2007-жылдын 9-июлундагы № 339 “Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү…Постановление · 29.06.2022 · № 42
- Бишкек шаардык кеңешинин 2017-жылдын 3-октябрындагы № 32 "Бишкек шаардык кеңештин 2007-жылдын 9-июлундагы №339 «Бишкек шаарында жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүү…Постановление · 03.10.2017 · № 32
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.