Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин «КНСтин жана салык салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 токтому менен белгиленген сатуулардан алынуучу салыктын суммасын өзүнчө сапка бөлүү менен ысык сууга, жылуулук жана электр энергиясына тарифтерди бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине тапшырма тууралуу» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 4-февралы № 1652-IV
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ
КНСтин жана салык салуу максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын
12-ноябрындагы № 699 токтому менен белгиленген
сатуулардан алынуучу салыктын суммасын өзүнчө
сапка бөлүү менен ысык сууга, жылуулук жана
электр энергиясына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине
тапшырма тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине каршы келүүлөрдү болтурбоо
максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат:
1. КНСтин жана сатуулардан алынуучу салыктын суммасын өзүнчө сапка
бөлүп көрсөтүү менен салык салуу максатында ысык сууга, жылуулук жана
электр энергиясына тарифтерди КНСтен жана сатуулардан алынуучу салыкты
эсепке албастан бекитүү Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине
тапшырылсын. Мында жогоруда көрсөтүлгөн тарифтер Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 699 токтому менен бекитилген та-
рифтерден ашпоого тийиш.
2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев)
жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Төрагасы З.Курманов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы №699 "2010-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын электр жана жылуулук энергияга болгон орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө"…Постановление · 12.11.2009 · № 699
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон