63-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120
63-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 63-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда он төрт жашка чыга элек жаш балдар үчүн алардын атынан ал балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган ата-энелери, асырап же камкордукка алгандар гана бүтүм түзө алат.
2. Он төрт жашка чейинки балдар өз алдынча төмөнкүлөрдү жасоого укуктуу:
1) майда-барат, турмуш-тиричилик бүтүмдөрү;
2) нотариаттын күбөлөндүрүүсүн же документ толтуруусун, же мамлекеттик каттоону талап кылбаган акысыз пайданы алууга багытталган бүтүмдөр;
3) мыйзамдуу өкүл тарабынан же анын макулдугу боюнча үчүнчү адам тарабынан белгилүү бир максатта же эркин жумшоо үчүн берилген каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.
3. Он төрт жашка чейинки балдардын кредиттик мекемелерге салым салуу укугу жана аны тескөө укугу мыйзамдар менен аныкталат.
4. Ата-энеси, асырап алуучулары же камкордукка алуучулары, эгерде милдеттенменин бузулушунда күнөөсү жоктугун далилдей алышпаса, анда он төрт жашка чейинки балдар мүлк боюнча, мунун ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Ал адамдар мыйзамга ылайык 14 жашка чейинки курактагы балдары келтирген зыян үчүн да жооп беришет.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
63-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Он төрт жашка чейинки алынып салынды: өспүрүмдөрдүн кошулду: балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка учурларда он төрт жашка чыга элек алынып салынды: жашы жете элек кошулду: жаш балдар алынып салынды: (жаш балдар) үчүн алардын атынан ал балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп саналган ата-энелери, асырап же камкордукка алгандар гана бүтүм түзө алат.
2. Он төрт жашка чейинки алынып салынды: жаш балдар өз алдынча төмөнкүлөрдү жасоого укуктуу:
1) майда-барат, … каражаттарды тескөө боюнча бүтүмдөр.
3. Он төрт жашка чейинки алынып салынды: жашы жете элек балдардын кредиттик мекемелерге салым салуу укугу жана аны тескөө … күнөөсү жоктугун далилдей алышпаса, анда он төрт жашка чейинки алынып салынды: жашы жете элек балдар мүлк боюнча, мунун ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча жоопкерчиликке тартылышат. Ал адамдар мыйзамга ылайык алынып салынды: жаш кошулду: 14 жашка чейинки курактагы балдары келтирген зыян үчүн да жооп беришет.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
- 61-статья. Он төрт жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
- 64-статья
- 189-статья
- 190-статья
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-63" title="63-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>