Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
61-статья. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 4-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120
1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бүтүмдөрдө өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрүнүн - ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт.
Мындай балдар тарабынан түзүлгөн бүтүмдөр кийин анын ата-энелери, асырап алган же камкордукка адамдар кат жүзүндө жактырганда да жарактуу болуп саналат.
2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча:
1) өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө;
2) илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга;
3) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө;
4) ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда каралган майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки балдар ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык өздөрү түзгөн бүтүмдөр боюнча өз алдынча мүлктүк жоопкерчилик тартат. Өз аракеттери менен зыян келтиргендиги үчүн мындай балдар ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Мындай бала (ушул Кодекстин 56-статьясынын 2-пунктуна жана 62-статьясына ылайык) толугу менен аракетке жөндөмдүү болгондон башка учурларда, жетиштүү негиз болсо сот ата-энесинин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын же Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өтүнүчү менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек балдардын өз эмгек акысын, стипендиясын же башка кирешелерин өз алдынча тескөө укугун чектеп же аны мындай укугунан ажыратышы мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 120 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки алынып салынды: жашы жете электердин кошулду: балдардын аракетке жөндөмдүүлүгү
1. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки алынып салынды: жашы жете электер кошулду: балдар ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөндөн башка бүтүмдөрдө өздөрүнүн … камкордукка алган адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт.
алынып салынды: Жашы жете элек мындай кошулду: Мындай балдар тарабынан түзүлгөн бүтүмдөр кийин анын ата-энелери, асырап … да жарактуу болуп саналат.
2. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки алынып салынды: жашы жете элек балдар ата-энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын … бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки алынып салынды: жашы жете элек балдар ушул статьянын 1- жана 2-пункттарына ылайык өздөрү түзгөн … тартат. Өз аракеттери менен зыян келтиргендиги үчүн мындай алынып салынды: жашы жете элек балдар ушул Кодекске ылайык жоопкерчилик тартат.
4. Мындай алынып салынды: жашы жете элек бала (ушул Кодекстин 56-статьясынын 2-пунктуна жана 62-статьясына … сот ата-энесинин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын же алынып салынды: көзөмөлдүк кылуучу кошулду: Үй-бүлөнү жана алынып салынды: камкордукка алуучу органдын кошулду: балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өтүнүчү менен он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете элек … тескөө укугун чектеп же аны мындай укугунан ажыратышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 120 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-61" title="61-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>