Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
23-статья. Граждандык карым-катнаштагы граждандык укук объектилери
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 августа 2022 года № 81
1. Эгерде мыйзамдарга ылайык граждандык укук объектилери граждандык карым-катнаштардан алынып коюлбаса же граждандык карым-катнаштарда чектелбесе, алар эркин түрдө ээликтен ажыратылышы же универсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде (мурастоо, юридикалык жактын кайра уюштурулушу) бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.
2. Граждандык карым-катнаштарда болушуна жол берилбей турган граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнаштан алынып салынган объектилер) мыйзамда түздөн-түз көрсөтүлүүгө тийиш.
Карым-катнаштын белгилүү катышуучусуна гана таандык болушу мүмкүн болгон же карым-катнашта болушуна атайын уруксат боюнча жол берилүүчү граждандык укук объектилеринин түрлөрү (карым-катнашка жөндөмдүүлүгү чектелген объектилер) мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
3. Мыйзамдар менен белгиленген учурларды кошпогондо, жеке мүлктүк эмес байлыктар жана укуктар ээликтен ажыратылбайт жана башка ыкмалар менен берилбейт.
4. Жер участоктору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларды жүгүртүүгө жол берилген чектерде ээликтен ажыратылышы же бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.
5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана анын түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2014-жылдын 14-мартындагы № 49, 2022-жылдын 5-августундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 5 августа 2022 года № 81 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере виртуальных активов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 21 июля 1999 года № 83 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
05.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ээликтен ажыратылышы же бир адамдан экинчи адамга өтүшү мүмкүн.
кошулду: 5. Виртуалдык активдер түшүнүгү жана анын түрлөрү, ошондой эле виртуалдык активдерди жүгүртүү өзгөчөлүктөрү виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 21-июлундагы № 83, 2014-жылдын 14-мартындагы № алынып салынды: 49 кошулду: 49, 2022-жылдын 5-августундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-23" title="23-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>