Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
221-статья. Доонун эскириши жайылбаган талаптар
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 9-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 170
Төмөнкү талаптарга:
1) мыйзамда каралгандан башка учурларда, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана башка материалдык эмес байлыктарды коргоо жөнүндөгү талаптарга;
2) салым кошуучулардын банкка салымдарды берүү жөнүндөгү талаптарына;
3) граждандын өмүрүнө же ден-соолугуна келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талаптарга доонун эскириши колдонулбайт. Бирок мындай зыяндын ордун толтурууга укук келип чыккан учурдан тартып үч жыл өткөндөн кийин коюлган талаптар доомат коюуга чейинки кеминде үч жыл үчүн канааттандырылат;
4) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
5) КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
6) мыйзамда белгиленген учурларда;
7) милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырууга камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарын төлөө тууралуу талаптарына.
8) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган имараттарды, курулмаларды, жер участокторун жана социалдык багыттагы башка объекттерди (билим берүү мекемелери, ооруканалар, балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелери) мыйзамсыз менчиктештирүү жөнүндө, ошондой эле аларды кайтарып алуу же мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланыштуу чыгымдардын ордун республикалык же жергиликтүү бюджеттин пайдасына толтуруу жөнүндө талаптарга.
(КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 252, 2013-жылдын 3-августундагы № 186, 2015-жылдын 30-июлундагы № 206, 2017-жылдын 2-августундагы № 170 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 170 "О внесении изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2015 года № 206 "О внесении изменения и дополнения в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 июля 2009 года № 252 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики и Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-221" title="221-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>