163-статья. Коомдук фонддун уставын өзгөртүү жана жоюу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 июля 2016 года № 134
1. Эгерде фонддун уставында аны белгиленген тартипте өзгөртүү каралса, анын органдары фонддун уставын өзгөртүшү мүмкүн.
Эгерде фондду уюштурууда анын уставы алдын ала көрүүгө мүмкүн болбогон кесепеттерге дуушарланта тургандай өзгөрүлбөгөн түрүндө сакталса, ал зми устав ыйгарым укук берилгендер тарабынан өзгөртүлбөй тургандыктан, аны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү анда каралбаса, өзгөртүү киргизүү укугу фонддун органдарынын, байкоочу кеңештин же фонддун ишмердигине көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укук алган башка органдын арызы боюнча сотко таандык болот.
2. Фондду жоюу ушул Кодекстин 98-статьясында каралган тартипте жана Мыйзамда каралган учурларда аныкталат.
3. Фонд жоюлган учурда кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган анын мүлкү уставда каралган максаттарга жумшалат.
(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
163-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-163" title="163-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>