162-статья. Коомдук фонддор
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44
1. Социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу максаттарды көздөгөн ыктыярдуу мүлк взносторунун негизинде граждандар жана (же) юридикалык жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок коммерциялык эмес уюм коомдук фонд (мындан ары - фонд) катары таанылат.
Аны уюштуруучулар тарабынан фондго берилген мүлк фонддун менчиги болуп саналат. Уюштуруучулар өздөрү түзүшкөн фонддун милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт, ал эми фонд өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
2. Фонд мүлктү өзүнүн уставында белгиленген максаттарда пайдаланат. Фонд өзү түзүлгөн максаттарга жетүү үчүн жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык ишмердик менен эмгектенүүгө укуктуу.
3. Фондду башкаруунун тартиби жана анын органдарын түзүүнүн тартиби уюштуруучулар тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен аныкталат.
4. Фонддун уставы ушул Кодекстин 87-статьясынын 4-пункттунда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар: "фонд" деген сөздү камтыган фонддун фирмалык аталышын; фонддун максаты жөнүндөгү маалыматтарды; фонддун органдары жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү, анын ичинде фонддун ишине кезөмөлдүк жүргүзгөн байкоочу кеңеш жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү; фонддун кызмат орундарына адамдарды дайындоонун жана бошотуунун тартиби; ал жоюлган учурда фонддун мүлкүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
162-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 февраля 2023 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере регистрации (перерегистрации) юридических лиц и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)"Редакцияларды салыштыруу
28.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…маалыматтар менен катар: "фонд" деген сөздү камтыган фонддун кошулду: фирмалык аталышын; фонддун максаты жөнүндөгү маалыматтарды; фонддун органдары … фонддун мүлкүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-162" title="162-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>