122-статья. Коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги жоболор
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 127
122-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 122-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Катышуучулар менен катар шериктештиктин атынан ээлик кылуу ишмердигин жүргүзүүчү жана өзүнүн бардык мүлкү (толук шериктери) менен шериктиктин милдеттенмелери боюнча жооп берүүчү, шериктиктин ишмердигине байланыштуу өздөрү кошкон салымдардын чектериндеги чыгымдардын тобокелин көтөрүшкөн жана шериктиктин ээлик кылуу ишмердигин жүзөгө ашырууга катышпаган бир же бир нече катышуучулары (салым кошуучулары, коммандиттисттери) бар шериктештик коммандиттик шериктештик деп таанылат.
2. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине катышуучу толук шериктерден тышкары, коммандиттик шериктештикке катышуучу толук шериктердин укуктук абалы жана шериктештиктин милдеттенмелери боюнча алардын жоопкерчилиги ушул Кодекстин толук шериктештиктин катышуучулары жөнүндөгү эрежелери менен аныкталат.
3. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктерди кошпогондо, жак бир гана коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло алат.
Толук шериктештиктин катышуучусу коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло албайт. Коммандиттик шериктештеги толук шериктеш ошол эле шериктештикте салым кошуучу жана толук шериктештиктин катышуучусу боло албайт.
4. Коммандиттик шериктештиктин фирмалык аталышы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
бардык толук шериктештердин атын (аталышын), ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү же бирден кем эмес толук шериктештин атын (аталышын) "жана компания", ошондой эле "коммандиттик шериктештик" деген сөздөрдү. Эгерде коммандиттик шериктештиктин аталышына салым кошуучунун аты кирсе, анда мындай салым кошуучу толук шериктеш болуп калат.
5. Ушул Кодекстин коммандиттик шериктештик жөнүндөгү жоболоруна карама-каршы келбегендиктен, коммандиттик шериктештиктерге карата ушул Кодекстин толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелери колдонулат.
6. Венчурдук фонддордун ишинин максаттары үчүн венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктери түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндө эрежелери, ошондой эле коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги эрежелери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
122-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 127 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам венчурного финансирования"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бар шериктештик коммандиттик шериктештик деп таанылат.
2. алынып салынды: Коммандиттик кошулду: Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине катышуучу толук шериктерден тышкары, коммандиттик шериктештикке алынып салынды: катышкан кошулду: катышуучу толук шериктердин кошулду: укуктук абалы жана алынып салынды: алардын шериктештиктин милдеттенмелери боюнча кошулду: алардын жоопкерчилиги ушул Кодекстин толук шериктештиктин катышуучулары жөнүндөгү эрежелери менен аныкталат.
3. алынып салынды: Жак кошулду: Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигиндеги толук шериктерди кошпогондо, жак бир гана коммандиттик шериктештикте толук шериктеш боло алат.
Толук … ушул Кодекстин толук шериктештиктер жөнүндөгү эрежелери колдонулат.
кошулду: 6. Венчурдук фонддордун ишинин максаттары үчүн венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктери түзүлүшү мүмкүн. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештигине ушул Кодекстин толук шериктештик жөнүндө эрежелери, ошондой эле коммандиттик шериктештик жөнүндө негизги эрежелери колдонулбайт. Венчурдук фонддордун коммандиттик шериктештиктерин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.
(КР 2026-жылдын 28-июлундагы № 127 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-122" title="122-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>