121-статья. Катышуучунун толук шериктештиктен чыккандагы эсептешүүлөрү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 5-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 49
1. Толук шериктештиктен чыккан же андан чыгарылган катышуучуга, эгерде уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, уставдык капиталдагы бул катышуучунун үлүшүнө туура келүүчү шериктештиктин мүлкүнүн бир бөлүгүнүн наркы төлөнүп берилет. Чыгып жаткан катышуучунун калган башка катышуучулар менен макулдашуусу боюнча мүлктүн наркынын төлөнүшү мүлктү натуралай берүү менен алмаштырылышы мүмкүн.
Шериктештикке катышкан юридикалык жакты жоюу учурунда эсептешүүлөр тийиштүү жоюу комиссиясы (жоюучу) аркылуу жүргүзүлөт. Ушул Кодекстин 116-статьясында белгиленден башка учурларда чыгып жаткан катышуучунун шериктештин мүлкүндөгү үлүшү же анын наркы чыгып жаткан учурга карата түзүлгөн баланс боюнча аныкталат.
2. Толук шериктештиктин шериктештикке кирбеген мураскору же анын катышуучусу болгон юридикалык жактын укук мурасчысы менен эсептешүүлөрү ушул статьянын 1-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
3. Катышуучулардын бири шериктештиктен чыкса, эгерде уюштуруу документтеринде же катышуучулардын макулдашуусунда башка каралбаса, калган катышуучулардын шериктештиктин уставдык капиталдагы үлүшү пропорционалдуу түрдө өсөт.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3. Коммандиттик шериктештик
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
121-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 49 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эгерде уюштуруу документтеринде башка белгиленбесе, уставдык алынып салынды: фонддогу кошулду: капиталдагы бул катышуучунун үлүшүнө туура келүүчү шериктештиктин мүлкүнүн бир … юридикалык жакты жоюу учурунда эсептешүүлөр тийиштүү жоюу комиссиясы кошулду: (жоюучу) аркылуу жүргүзүлөт.
Ушул Кодекстин 116-статьясында белгиленден башка … башка каралбаса, калган катышуучулардын шериктештиктин уставдык алынып салынды: фонддогу кошулду: капиталдагы үлүшү пропорционалдуу түрдө өсөт.
кошулду: (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 49 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3. Коммандиттик шериктештик
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/4/st-121" title="121-статья - Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>