Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-статья. Иммиграция жөнүндө өтүнүч кийирүү тартиби
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 3-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129
Иммиграция жөнүндө өтүнүчкө нотариат тарабынан тастыкталган өтүнүүчүнүн төмөнкү документтери тиркелет:
1) Жарактуу документтин же эларалык келишимдердин негизинде аны алмаштыруучу документтин көчүрмөсү;
2) туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн же ага теңдеш документтин көчүрмөсү;
3) үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө справка, нике тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
4) арыз ээсинин жана анын үй-бүлө мүчөсүнүн тиричилик минимумун камсыз кылуучу туруктуу ачык киреше булагы жөнүндө справка;
5) медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө справка;
6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.
Жогоруда аталган документтерден тышкары өтүнүчкө төмөнкүлөр тиркелет:
1) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 1-пунктунда аталган адамдарга карата: ата-энелеринин биринин улутун ырастоочу справка;
2) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 2, 3-пункттарында аталган адамдарга карата: Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган тууганы жиберген чакыруу, туугандыгын ырастоочу документ;
3) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 3-пунктунда аталган адамдарга карата: эгерде алар өтүнүч берген адам менен бирге келишсе анын иммигрант статусун берүү жөнүндөгү өтүнүчү, эгерде алар иммигрантка жашап туруу үчүн келишсе-анын чакыруусу;
4) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 4 жана 5-пункттарында аталган адамдарга карата - камкордук же багууну ырастоочу документтер;
5) ушул Мыйзамдын 33-статьясынын 6-пунктунда аталган адамдарга карата адистигин (кесибин) ырастаган документтер.
Эгерде ата-эне болуп саналган иммигрант менен бирге алардын бойго жете элек 14төн 18 жашка чейинки балдары көчүп келсе, анда алардын иммиграцияга жазуу жүзүндө берген макулдугу талап кылынат. Эгерде Кыргыз Республикасына ата-энесинин бирөө гана көчүп келсе жана аны менен бирге 18 жашка чейинки балдары кошо келсе, ал, ата-эненин калып калган биринин ата-эненин ошол иммигрант болуп келгени менен балдардын жашоосуна каршы эместигин билдирген, нотариат тарабынан тастыкталган арызын көрсөтүүгө тийиш. Мындай макулдук болбогон учурда ата -эненин иммигрант болуп келген бири тийиштүү мамлекеттин балдарды ага тапшыргандыгы жөнүндөгү соттук чечимин көрсөтүүгө тийиш. Зарыл болгондо миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамы тарабынан расмий тилдеги 32-статьясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор.
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 30 июня 2023 года № 129 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О внешней миграции", "О внешней трудовой миграции", "О правовом положении иностранных граждан в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 июля 2011 года № 127 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 октября 2009 года № 262 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции""Редакцияларды салыштыруу
30.06.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өтүнгөн адамдан кошумча документтерди талап кылууга укуктуу.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 262, 2011-жылдын 26-июлундагы № 127, 2016-жылдын 24-октябрындагы № алынып салынды: 171 кошулду: 171, 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
кошулду: Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 30-июнундагы № 129 Мыйзамы тарабынан расмий тилдеги 32-статьясына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-февралындагы №93 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жашап турууга убактылуу жана туруктуу…Постановление · 12.02.2010 · № 93 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-32" title="32-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>