Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 12-октябры № 262 "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене. "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 15-статьянын 3-бөлүгү "иммигрант статусу берилген" деген сөздөрдөн кийин "жана 5 жылдан ашык Кыргыз Республикасынын аймагында болушкан" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 32-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6) чет өлкөлүк жарандын ал жараны болуп эсептелген мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат, ал эми жарандыгы жок адам үчүн - Кыргыз Республикасынын аймагына киргенге чейин ал жашаган мамлекеттин аймагында соттуулугу жоктугу жөнүндө маалымкат.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Шилтеме берет (1)
- Тышкы миграция жөнүндөЗакон · 17.07.2000 · № 61
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.