Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Виза берүү үчүн негиздер
Күчүндө · 21.05.2026 редакциясы · 1-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43
Кыргыз Республикасына кирүүгө виза берүүгө төмөнкүлөр негиз болуп саналат:
- Кыргыз Республикасына ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максаттары менен келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - кабыл алуучу уюмдардын сапардын ишкер мүнөзүн күбөлөндүрүүчү зарыл документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин жарандары үчүн - жекече кайрылуусу;
- Кыргыз Республикасына ишке орношуу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте катталган иш берүүчүнүн өтүнүчү;
- жеке ишкердик жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке ишкердин жеке арызы;
- Кыргыз Республикасына жеке иштери боюнча келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын жаранынын өтүнүчү же Кыргыз Республикасынын аймагында катталган саламаттык сактоо уюмунун чакыруусу;
- Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - зарыл болгон учурда бара турган өлкөнүн визасы бар анык документти тиркөө менен юридикалык жактын жеке арызы же өтүнүчү же келгенден кийин виза алган учурда, үчүнчү өлкөнүн расмий бийлиги тарабынан күбөлөндүрүлгөн уруксаттын (чакыруунун) көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасына туристтик максаттарда келген жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - жеке арыз же туристтик уюмдун жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасына окуу максатында келген чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган билим берүү уюмдарынын өтүнүчү;
- инвестициялоо максаты менен Кыргыз Республикасына келип жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга - инвестицияларды илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, Кыргыз Республикасынын экономикасына ушул Мыйзамдын 142-статьясында көрсөтүлгөн салымын ырастоочу документ.
(Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 24-октябрындагы № 171, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2023-жылдын 24-февралындагы № 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 27 февраля 2023 года № 43 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 24 февраля 2023 года № 41 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 октября 2016 года № 171 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О внешней миграции"Редакцияларды салыштыруу
27.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тиешелүү тизмеде каралган чет мамлекеттердин … 171, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2023-жылдын 24-февралындагы № алынып салынды: 41 кошулду: 41, 2023-жылдын 27-февралындагы № 43 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 10 - марты №79"Бишкек шаарынын - Кыргыз Республикасынын борборунун өзгөчө статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 10.03.2008 · № 79 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/350/st-14" title="14-статья - Тышкы миграция жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>