Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-статья. Жарандык коргонуу тармагындагы милдеттер
Күчүн жоготкон · 20.07.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 июля 2009 года № 239.
Жарандык коргонуу тармагындагы негизги милдеттер:
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан калк-
ты коргоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан кор-
гонуунун ыкмаларын калкка үйрөтүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтар жөнүндө
калкка кабарлоо белгилерин, өз учурунда жеткирүү үчүн кошумча башкаруу пункттарын, байланыш тутумдарын түзүү жана даярдыкта кармоо;
- калкты, материалдык жана маданий байлыктарды коопсуз райондорго
көчүрүү;
- калкка баш калкалоочу жайларды түзүү жана жекече коргонуу кара-
жаттарын берүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде келип чыгуучу коркунучтардан айыл
чарба жандыктарын, өсүмдүктөрдү, азык-түлүк жана тамак-аш сырьелорун, жемди, суу берүү булактарын, суу менен жабдуучу тутумдарды коргоо;
- тынчтык жана согуш мезгилинде авариялык-сактоо иштерин жүргүзүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдан жапа чеккен калкты, биринчи кезекте медициналык тейлөө, ал- гачкы медициналык жардам көрсөтүү, шашылыш жай менен камсыз кылуу жана башка зарыл чараларды көрүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдан келип чыккан өрткө каршы күрөшүү;
- радиоактивдүү, химиялык, биологиялык жана башка ууланууга дуушар
болгон райондорду аныктоо жана белгилөө;
- уулануудан калкты, техникаларды, имараттарды, аймактарды зыян-
сыздандыруу жана башка зарыл чараларды көрүү;
- согуштук аракеттерди жүргүзүүдөн же тынчтык мезгилинде өзгөчө
кырдаалдын кесепетинен жапа чеккен райондордо тартипти калыбына кел- тирүү жана кармап туруу;
- зарыл коммуналдык - техникалык кызматтардын иштешин тез арада
калыбына келтирүү;
- өлгөндөрдү тез арада көмүү;
- тынчтык жана согуш мезгилинде экономиканын туруктуу иштеши жана
калктын жашоосу үчүн өтө зарыл объекттерди сактоого багыталган иш чара- ларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- жарандык коргонуунун күчтөрү менен каражаттарынын дайыма даяр-
дыкта турушун камсыз кылуу;
- жарыкты чүмбөттөө жана маскировкалоонун башка түрлөрү боюнча иш
чараларды жүргүзүү.
Берененин тексти 20.07.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/339/st-2" title="2-статья - Жарандык коргонуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>