Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 5 марта 1998 года N 108 «О мерах по реализации Закона Кыргызской Республики «О географических названиях в Кыргызской Республике»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 19 августа 2008 года № 467 "О Межведомственной комиссии по рассмотрению вопросов административно-территориального устройства и географических названий при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-19.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
1999-жылдын 5-октябры № 539
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы
"Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу
чаралары тууралуу" № 108 токтомуна
өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 4-декабрындагы № 760 токтомунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттердин аталыштары,
өзгөртүп аталышы, географиялык аталыштардын эсепке алынышы жана катта-
лышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы
N 108 токтому менен бекитилген Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту алынып ташталуу менен 3-16-пункттары ирети боюнча
2-15-пункттар катары эсептелинсин;
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Сунуштарда төмөнкүлөр аталууга тийиш:
- обьекттин турган орду;
- тийиштүү администрациялык борборго, жакын турган темир жол стан-
циясына жана почта бөлүмчөсүнө чейинки аралык;
- аталыштын, өзгөртүп атоонун же аталышты жоюунун себептери;
- укук белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтер;
- калктуу конуш үчүн - калктын саны жана куруу планы.";
- экинчи-бешинчи абзацтар ирети боюнча үчүнчү-алтынчы абзацтар ка-
тары эсептелинсин;
- 11 жана 12-пункттар төмөнкүдөй жазылсын:
"11. Аймагы укук белгилөөчү документ менен, ал эми аталышы - мый-
зам менен аныкталган калктуу конуштар катталат жана эсепке алынат. Ка-
роосуз калган калктуу конуштар эсептен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-
нүн токтому менен, ал эми башкалар менен бириктирилген калктуу сунуштар
- мыйзамдын негизинде чыгарылат.
12. Администрация-аймак бирдиктеринин жана калктуу конуштардын
аталыштарынын катталган өзгөрүүлөрү жана жоюлгандыгы жөнүндөгү маалымат
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды
каттоо боюнча мамлекеттик агентство тарабынан Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик статистика комитетине жиберилет".
2. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы N
760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 4-декабрындагы N
760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. "Кыргыз Республикасынын администрация-аймак түзүлүшүнүн маселе-
лерин чечүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоо-
руна макулдук берилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
кароосуна жиберилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствонун директору Т.Э.Өмүрали-
ев аталган Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
палаталарында каралып жатканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий
өкүлү болуп дайындалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 27-майындагы "Кыр-
гыз Республикасындагы географиялык обьекттердин аталыштары, өзгөртүп
аталышы, географиялык аталыштардын эсепке алынышы жана катталышы
жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 5-мартындагы "Кыр-
гыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" N 108 токтому менен бе-
китилген Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө" N 291 токтомдун соњку абзацы
күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Муралиев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын администрация-аймак
түзүлүшүнүн маселелерин чечүү тартиби
жөнүндө
1-статья.
Областтарды, райондорду, шаарлардагы райондорду, жергиликтүү өз
алдынча башкарууга караштуу аймактарды түзүү жана жоюу, администра-
ция-аймак түзүлүштөрүнүн борборлорун белгилөө жана көчүрүү, ошондой эле
алардын чектерин белгилөө жана өзгөртүү Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн сунушунун жана тийиштүү жергиликтүү кењештерин өтүнүчүнүн не-
гизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан жүргүзүлөт.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык калктуу конуштар шаарлар
жана айылдар болуп бөлүнүшөт.
3-статья.
Республикага, областка, районго караштуу шаарлар жана шаар
түрүндөгү поселкалар шаар айыл конуштары болуп саналышат, Калган калк-
туу конуштар айылдарга кирет.
4-статья.
Калктуу конуштардын тийиштүү категорияларга киргизилиши, шаарлар-
дын жана шаар түрүндөгү поселкалардын чектерин белгилөө жана өзгөртүү,
ошондой эле администрация-аймак түзүлүштөрүн бириктирүү жана алардын
караштуулугун өзгөртүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушунун жана
тийиштүү жергиликтүү кењештерин өтүнүчүнүн негизинде Кыргыз Республика-
сынын мыйзамы тарабынан жүргүзүлөт.
5-статья.
Калкынын саны 300 мињден кем болбогон, өнүккөн өнөр жайлуу, шаар
чарбасынын бардык бөлүктөрү өнүккөн инфраструктурасы бар жана республи-
калык маанидеги экономикалык жана маданий борборлор болуп саналган,
Кыргыз Республикасынын республикалык бийлик органдары тарабынан жетек-
чилик кылуу максатка ылайык болгон калктуу конуштар республикага караш-
туу шаарлардын категориясына кириши мүмкүн.
6-статья.
Калкынын саны 30 мињ адамдан кем болбогон, өнөр жай жана транспорт
түйүндөрү болуп саналган, жетишээрлик коммуналдык чарбасы бар жана
өнүккөн экономикалык жана маданий борборлор болуп саналган, Кыргыз Рес-
публикасынын областтык бийлик органдары тарабынан жетекчилик кылуу мак-
сатка ылайык болгон калктуу конуштар областка караштуу шаарлардын кате-
гориясына кириши мүмкүн.
7-статья.
Өнөр жай ишканалары, коммуналдык чарбасы, өнүккөн окуу, мада-
ний-агартуу, дарылоо жана соода мекемелери бар, калкынын саны 10 мињ
адамдан кем болбогон калктуу конуштар районго караштуу шаарлардын кате-
гориясына кириши мүмкүн.
8-статья.
Аймагында экономикалык маанилүү обьекттер (өнөр жай ишканалары,
курулуштар, темир жол станциялары жана башкалар) жайгашкан, ошондой эле
дарылоо мааниси бар жерлерде турган, эгерде көрктөндүрүүдө анык бир
дењгээлге жетишсе, калкынын саны эки мињден кем болбогон калктуу конуш-
тар шаар түрүндөгү поселкалардын категориясына кириши мүмкүн.
9-статья.
Калкынын саны аз, бирок экономикалык жана маданий борборлор болуп
саналган жана келечекте андан ары экономикалык өнүгүү жана калкынын са-
нынын өсүш мүмкүнчүлүктөрү бар калктуу конуштар айрым учурларда ти-
йиштүү караштуулуктагы шаарлардын же шаар түрүндөгү поселкалардын кате-
гориясына киргизилиши мүмкүн.
10-статья.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1981-жылдын 22-сентяб-
рындагы "Кыргыз ССРинин администрациялык-аймактык түзүлүш маселелерин
чечүү тартиби жөнүндө" N 1808-Х Указы (Кыргыз ССР Жогорку Советинин ве-
домосттору, 1981-жыл, N5 18,151-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
11-статья.
Бул Мыйзам ал расмий жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укук актыларын
ушул Мыйзамга ылайыктасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 18-июлу №386 "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу.Постановление · 05.03.1998 · № 108 · Күчүн жоготкон
- Положение о наименовании, переименовании географических объектов, учете и регистрации географических названий в Кыргызской Республике (Утверждено постановлением Правительства…Положение · 05.03.1998 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2001 года N 760 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 04.12.2001 · № 760 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 мая 1999 года №291 "О внесении изменений в Положение о наименовании, переименовании географических объектов, учете и регистрации…Постановление · 27.05.1999 · № 291 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндөЗакон · 25.09.1997 · № 67
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 18-июлу №386 "Кыргыз Республикасында географиялык аттар жөнүндө"Мыйзамды ишке ашыруу боюнча чаралар тууралу.Постановление · 05.03.1998 · № 108 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн токтому 2008-жылдын 19-августу № 467 (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык-аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо…Постановление · 19.08.2008 · № 467 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2001 года N 760 "О внесении изменений в некоторые решения Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 04.12.2001 · № 760 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 27 мая 1999 года №291 "О внесении изменений в Положение о наименовании, переименовании географических объектов, учете и регистрации…Постановление · 27.05.1999 · № 291 · Күчүн жоготкон