1-берене
Күчүндө · 19.03.2015 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 387-1-статья менен толукталсын:
"387-1-статья. Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу Дипломатиялык жана кызматтык паспортторду берүү, пайдалануу жана кайтарып берүү эрежелерин бузуу - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, жарандарга - он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, - кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө, жарандарга - жыйырма өлчөмүндө айып салууга алып келет.".
2. 390-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "жүз өлчөмүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "382," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.
4. 556-1-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасынын экинчи абзацы "82-1," деген цифралардан кийин "387-1," деген цифралар менен толукталсын.
Берененин тексти 19.03.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/320042/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>