Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Конституциялык сотунун (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун өткөрүү датасын аныктоону расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асилбек Шарипович Жээнбековдун кайрылуусу боюнча) чечими
Бишкек шаары
2009-жылдын 19-марты
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пунктунун
экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги
шайлоосун өткөрүү датасын аныктоону расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Асилбек Шарипович Жээнбековдун
кайрылуусу боюнча.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,
Төраганын орунбасары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров, С.Н.Де-
мин, А.С.Кененсариев, Ч.Ж.Курбанова, Ө.Ж.Мамыров жана Ч.А.Мусабекованын
курамында,
соттук жыйналыштын катчысы Ж.Ж.Чоткараевдин, тараптар: Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Асилбек Шарипович Жээнбековдун,
2009-жылдын 18-мартындагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин өкүлү Медер Кењешович Жусуповдун,
2009-жылдын 3-мартындагы ишеним каттын негизинде аракеттенген Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-
сиянын өкүлү Бакытбек Сатымбайевич Жумагуловдун катышуулары менен, Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесин, "Кыргыз Республика-
сынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамынын II Бөлүгүнүн
1-пунктунун 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жө-
нүндө" Мыйзамдын 13-беренесин жана "Конституциялык сот өндүрүшү жөнүн-
дө" Мыйзамдын 10-беренесин, жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пунктунун
экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги
шайлоосун өткөрүү датасын аныктоону расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Ш.Жээнбековдун кайрылуусун
карады.
Судья Ч.А Мусабекованын баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кенешинин депутаты А.Ш.Жээнбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин өкүлү М.К.Жусуповдун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана ре-
ферендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын өкүлү Б.С.Жумагуловдун
сөздөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республи-
касынын Конституциялык соту
тапты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 20-февра-
лында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пункту-
нун экинчи абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги
шайлоосун өткөрүү датасын аныктоону расмий чечмелөө жөнүндө Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Ш.Жээнбековдун кайрылуусу ке-
лип түшкөн.
Кайрылууну негиздөөгө төмөнкү жүйөөлөр келтирилген. Кайрылууга
Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун өткөрүү датасын
аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин
2-пунктунун экинчи абзацынын ченемин түшүнүү жана колдонуу боюнча чыгып
жаткан анык эместик жана талаш-тартыш негиз болду. Азыркы убакта прес-
сада да, коомдо да ар-башка пикирлер айтылып жатат. Кээ бири азыркы
Президент беш жылдык мөөнөткө мурдагы Конституция менен шайланган жана
анын ыйгарым укуктары 2009-жылы күзүндө бүтөт, башкалары 2007-жылы
Конституциянын жањы редакциясын кабыл алгандан тартып мурдагысы күчүн
жоготот жана президенттик шайлоо 2010-жылы өткөрүлүшү керек деп эсепте-
шет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Бакиев К.С. шайланган мезгилде
колдонулуп жаткан Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы №
40 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө"
Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык
(мындан ары-2003-жылдын редакциясындагы Конституция), Кыргыз Республи-
касынын иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын бешинчи жылындагы
октябрь айынын соњку жекшембисинде Кыргыз Республикасынын Президентин
кезектеги шайлоосун өткөрүлүшү керек эле. Бул ченем кезектеги шайлоо
менен шайланган Президентке шайлоо өткөрүү датасын аныктоого тийешелүү
жана октябрь айынын соњку жекшембисинде шайланган мурдагы шайланган
Президент А.А.Акаевке байланыштырылган болуучу. Кыргыз Республикасынын
Президенти К.С.Бакиев 2005-жылдын 10-июлунан тартып шайланды деп эсеп-
телинет. "Кезектеги шайлоо өткөрүү датасын июль айында шайланган иштеп
жаткан Президенттин шайланган датасына байланыштырылышы керекпи?" - де-
ген суроо туулуп жатат.
2007-жылдын 23-октябрындагы № 157 "Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамдын корутунду жоболорунда
ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин бүткүл эл тарабынан шайланган Прези-
дент өзү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап
калат деп көрсөтүлгөн.
Азыркы иштеп жаткан Президентти шайлаган мезгилде Президенттин ый-
гарым укуктарынын бешинчи жылындагы октябрь айынын соњку жекшембисинде
Президентке кезектеги шайлоо өткөрүү жөнүндө жобо күчүндө болчу, ал эми
2009-жылдын июлунан тартып анын ыйгарым укуктарынын бешинчи жылы баш-
талгандыгына байланыштуу жана 2007-жылы Конституциянын жањы редакциясы
кабыл алынгандыгын эске алып, мындай суроолор пайда болуп жатат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун кайсы
жоболорго ылайык дайындалат, анткени иштеп жаткан Конституциянын редак-
циясында да, анда шилтеме менен көрсөтүлгөн шайлоо жөнүндө Кодексинде
да ушул маселени тартипке салган ченемдер камтылган эмес?
2. Ушул учурда азыркы Президентти шайлоо мезгилинде күчүндө турган
Конституциянын редакциясынын ченеминин Президенттин ыйгарым укуктарын
бешинчи жылы аткарып жатканда Президентин кезектеги шайлоосун дайындоо
бөлүгүн колдонгонго болобу?
3. Президентти шайлоо Жогорку Кењеш тарабынан шайлоо күнүнө чейин
кеминде төрт ай мурда дайындалат деген Кыргыз Республикасынын шайлоо
жөнүндө Кодексинин 58-беренесинин 4-пунктуна ылайык шайлоо күнү болуп
кайсы күн эсептелинет?
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты А.Ш.Жээнбековдун
пикири боюнча азыркы Президент 2003-жылдын редакциясындагы Конституция-
га ылайык шайланган, ошондуктан Президентти кезектеги шайлоо ушул Конс-
титуциянын талаптарына ылайык дайындалышы керек.
Ошентип, ал ушул конкреттүү учурда колдонуу боюнча Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциянын 44-беренесинин 2-пунктунун экинчи абзацына
ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун өткөрүү
датасын аныктоону расмий чечмелеп берүүнү сурайт.
Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын депутаты А.Ш.Жээнбеков
өзүнүн кайрылуусун колдоду жана кайрылууда коюлган маселени сот жыйна-
лышында карап жана расмий чечмелеп берүүнү сурады. Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин өкүлү М.К.Жусупов, Шайлоо жана референдумдарды
өткөрүү борбордук комиссиясынын өкүлү Б.С.Жумагулов чечимди соттун ык-
тыярына калтырышат.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөөлөрүн
талкуулап жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүлөрдү негизге
алат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пунктунун
экинчи абзацына ылайык Президентти шайлоо тартиби мыйзам менен аныкта-
лат. Келтирилген ченем шилтеме мүнөзгө ээ-анын өзүндө Кыргыз Республи-
касынын Президентин кезектеги шайлоосун өткөрүү мөөнөтү тике
көрсөтүлгөн эмес. Ушуга ылайык көрсөтмө Кыргыз Республикасынын
2007-жылдын 23-октябрындагы № 158 Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 10-январындагы № 3, 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзам-
дарынын редакцияларындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен баяндалган
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-майындагы № 39 "Кыргыз Республи-
касындагы шайлоо жөнүндө кодексинде" бар. Бул Кодекстин 58-беренесинин
4-пунктуна ылайык Президентти шайлоо Жогорку Кењеш тарабынан шайлоо
күнүнө чейин кеминде төрт ай мурда дайындалат.
Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер 2007-жылдын 21-октябрында референ-
думда кабыл алынган жана 2007-жылдын 24-октябрында "Эркинтоо" гезитинде
официалдуу жарыяланган күндөн тартып, атап айтканда 2003-жылдын редак-
циясындагы Конституциянын 44-беренесинин 1-пунктунун 2-бөлүгүнүн талап-
тарына ылайык 2005-жылдын 10-июлунда мөөнөтүнөн мурда шайлоодо азыркы
мамлекеттин башчысы К.С.Бакиевди Президент кылып шайлагандан кийин кү-
чүнө кирген. Ошондуктан, чечмеленип жаткан конституциялык ченемдин жана
ага ылайык Шайлоо жөнүндө кодекстеги ченемдин аракети азыркы иштеп жат-
кан Конституция күчүнө кирген күндөн баштап келип чыккан гана укуктук
мамилелерге, ошонун ичинде Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги
шайлоосун өткөрүү датасын аныктоого дагы таркатылат.
Конституциянын иштеп жаткан редакциясы күчүнө киргенден тартып
2003-жылдын редакциясындагы Конституция күчүн жоготкон. Ошондуктан
2003-жылдын редакциясындагы Конституциянын 44-беренесинин 1-пунктунун
биринчи абзацынын Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенттин ый-
гарым укуктарынын бешинчи жылындагы октябрь айынын соњку жекшембисинде
Кыргыз Республикасынын Президентине кезектеги шайлоосу өткөрүлөт деген
жобосу Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун дайындоо-
го колдонууга болбойт.
Бирок, чечмеленип жаткан конституциялык ченемди жана ага ылайык
Шайлоо жөнүндө кодекстеги ченемди 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамдын
өтмө жоболорунан ажыратып колдонуу мүмкүн эмес. Тактап айтканда, атал-
ган Мыйзамдын II Бөлүгүнүн 4-пунктунда ушул Мыйзам кабыл алынганга че-
йин бүткүл эл тарабынан шайланган Президент өзү шайланган мөөнөт аякта-
ганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат деп бекитилген. Кыргыз
Республикасынын Президентине боло турган кезектеги шайлоо өткөрүү дата-
сын аныктоо менен байланышкан учурда, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер
бирге колдонулушу керек, анткени аталган ченем 2005-жылдын 10-июлунда
шайланган Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын иш
жүзүнө ашыруу жана токтотуу маселелерин жөнгө салып жана Конституциянын
азыркы иштеп жаткан редакциясын өтмө мезгилде жүзөөгө ашырууга багыш-
талган.
2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын Конституциясы-
нын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамдын II Бөлүгүнүн 4-пунктунун мааниси
боюнча иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары өзү шайланган мөөнөт
аяктаганда токтой тургандыгы көрүнөт.
Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президенти, аны шайлаган мез-
гилде иштеп жаткан, атап айтканда 2003-жылдын редакциясындагы Конститу-
циянын 44-беренесинин 1-пунктунун 2-бөлүгүнө ылайык шайланган. Ошондой
эле, Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргызстандын элине 2003-жылдын
редакциясындагы Конституцияга ант берген. Ошондуктан, ал шайланган
мөөнөттүн аяктаганын Конституциянын аталган редакциясынын талаптарынын
негизинде эсептеп чыгуу керек.
2003-жылдын редакциясындагы Конституциянын 44-беренесинин 1-пунк-
тунун биринчи абзацы мамлекет башчысынын кезектеги шайлоосунун башталы-
шы болгон күндү-Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин ыйга-
рым укуктарынын бешинчи жылындагы октябрь айынын соњку жекшембисин -
көрсөткөн. Демек, бул дата иштеп жаткан Президенттин шайланган
мөөнөтүнүн аяктаганы да болуп эсептелет.
2003-жылдын редакциясындагы Конституциянын 45-беренесинин 4-пунк-
туна ылайык президенттик мандаттын, атап айтканда ыйгарым укуктарынын
мөөнөтү ант берген мезгилден тартып башталат, ошондуктан иштеп жаткан
Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын ант берген күнү 2005-жылдын 14-ав-
густунан тартып аткарып баштаган. Демек, иштеп жаткан Президенттин ый-
гарым укуктарынын бешинчи жылы 2009-жылдын 14-августунан тартып баштал-
са, анда анын ыйгарым укуктарынын бешинчи жылындагы октябрь айынын соњ-
ку жекшембиси-2009-жылдын 25-октябры болот. Бул иштеп жаткан Президент-
тин шайланган мөөнөтүнүн аяктаганын, ошону менен бирге анын ыйгарым
укуктарынын токтотулушунун конкреттүү датасы да болуп саналат.
Ошого байланыштуу, Президенттин ыйгарым укуктары жањы шайланган
Президент кызматка киришкен мезгилден тартып токтотулат деген Кыргыз
Республикасынын Конституциясынын 45-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыр-
гыз Республиканын Конституциялык соту жањы шайланган Президент өзүнүн
ыйгарым укуктарын аткарууга 2009-жылдын 25-октябрынан кечикпей кириши
керек деп эсептейт. Демек, Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги
шайлоосун Конституция жана мыйзамда белгиленген Президентти шайлаганга
керектүү бардык мөөнөттү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн датадан
кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Жогорудагылардын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституци-
ясынын% 85-беренесин, "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы ре-
дакциясы жөнүндө" Мыйзамынын II Бөлүгүнүн 1-пунктунун 3-бөлүгүн, "Кыр-
гыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзамдын 13 жана
14-беренесин, "Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жө-
нүндө" Мыйзамдын 10, 14, 23, 24, 25, 29 жана 30-беренелерин жетекчилик-
ке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту чечти:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-пунктунун
экинчи абзацына төмөнкүдөй расмий чечмелөө берилсин:
1. Бул ченемди шилтеме ченем катары түшүнүү керек, ал Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин кезектеги шайлоосун өткөрүүгө, ошонун ичинде
анын өткөрүү датасын аныктаганга, конкреттүү эрежелерди өз алдынча мый-
зам менен аныкталат деп билдирет. Ал Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын
23-октябрындагы № 158 Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын
10-январындагы № 3, 200-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамдарынын редак-
цияларындагы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен баяндалган Кыргыз Рес-
публикасынын 1999-жылдын 29-майындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы
шайлоо жөнүндө кодекси".
Көрсөтүлгөн конституциялык ченемдин аракети (2007-жылдын 23-октяб-
рындагы Мыйзамдын редакциясындагы) Кыргыз Республикасынын Конституциясы
күчүнө кирген күндөн баштап келип чыккан гана укуктук мамилелерге, ошо-
нун ичинде Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосун өткө-
рүү датасын аныктоого да таркатылат.
2. 2009-жылдын 25-октябрынан кечикпей өткөрүлүүгө тийиш деген маа-
нисин көрсөткөн 2007-жылдын 23-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Мыйзамдын II Бөлүгүнүн
4-пункту менен чечмеленип жаткан конституциялык ченем бирге колдонулушу
керек.
3. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
юридикалык жактар, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш.
4. Чечим "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосторуна",
"Эркин Тоо", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана" гезиттерине жарыялан-
сын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Секретары Ө. Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 8 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (8)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин жаңы редакциясы тууралууЗакон · 23.10.2007 · № 158 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндөЗакон · 23.10.2007 · № 157 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 10.01.2009 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон