13-статья. Табигый дарылык ресурстарын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоону уюштуруу
Күчүндө · 16.02.2016 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16
Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат. Республикалык маанидеги дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин жана курорттордун санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округдарынын чек арасы жана режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округуна үчкө чейин аймак бөлүнөт. Биринчи аймакта жашоого жана экологиялык жактан таза, рационалдуу технологияларды колдонуу шартында табигый дарылык ресурстарын изилдөөгө жана пайдаланууга, ден соолукту чыңдоо максаттарынан башка чарба жүргүзүүнүн бардык түрүнө тыюу салынат. Экинчи аймакта курорттук дарылоо жана эс алуу чөйрөсүн түзүүгө жана өнүктүрүүгө түздөн-түз байланышпаган объекттер менен курулуштарды жайгаштырууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү, табигый дарылык ресурстарын булгоочу чарбалык иш жүргүзүүгө тыюу салынат. Үчүнчү аймакта өнөр жай жана айыл чарба уюмдары менен курулуштарын жайгаштырууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү, табигый дарылык ресурстарын булгоочу чарбалык иш жүргүзүүгө чектөө киргизилет. Санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоонун белгиленген режимин камсыз кылуу: биринчи аймакта - пайдалануучулар, экинчи жана үчүнчү аймакта - пайдалануучулар жана жер участокторунун ээлери тарабынан жүргүзүлөт. Санитардык-ден соолукту чыңдоочу иш-чаралар жана санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо округдарындагы булгоочу очокторду жоюу жер участокторунун санитардык (тоодогу санитардык) жактан коргоо режимин бузушкан пайдалануучулардын жана жер ээлеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. (Тогузунчу бөлүк КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык) VI Глава Табигый дарылык ресурстары, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жагындагы талаш-тартыштарды чечүү
Берененин тексти 16.02.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О природных лечебных ресурсах, лечебно-оздоровительных местностях и курортах"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(тоодогу санитардык) жактан коргоону уюштуруу
Табигый дарылык алынып салынды: ресурстар, кошулду: ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу алынып салынды: жерлер, кошулду: жерлерди, ошондой эле алынып салынды: курорттор кошулду: курортторду жана алынып салынды: анын жерлери өзгөчө коргоодогу жаратылыш объекттери жана аймактары болуп саналат.
кошулду: алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат.
Республикалык маанидеги дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин жана … жана жер ээлеринин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
алынып салынды: Табигый дарылык ресурстарын, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жерлердин жана курорттордун санитардык (тоодогу санитардык) жактан корголушун камсыз кылуу көзөмөлүн ыйгарым укук берилген республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары өз кызмат укуктарынын чектеринде ишке ашырат.
кошулду: (Тогузунчу бөлүк КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
VI Глава
Табигый дарылык ресурстары, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу…
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/312/st-13" title="13-статья - Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>