Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 16-февралы № 16 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "табигый дарылык ресурстар - ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо баткактары, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш объекттери жана шарттар;"; бешинчи абзацында "республикалык" деген сөз алып салынсын; алтынчы абзацында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; онунчу абзацында "акционердик, жамааттык, жеке же башка менчиктин карамагында" деген сөздөр "муниципалдык, жеке жана менчиктин башка формасында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьяда:
1-бөлүгүндө "ага ылайык кабыл алынуучу мыйзамдарынан жана" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүгүндө "табигый дарылык жөнүндө" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу чөйрөсүндөгү" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-бөлүгүндө "мыйзамда" деген сөз "ушул Мыйзамда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер, курорт деп таануу Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор республикалык же жергиликтүү мааниге ээ болушу мүмкүн. Аймакты дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жер же курорт деп таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жердин же болбосо курорттун иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.";
5) II главанын аталышында "жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 4-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: курорттук иш жана эс алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашырат; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди жана курортторду пайдалануунун ченемдерин жана эрежелерин белгилейт; курортторду санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарынын чек араларын жана режимин белгилейт; курортторду жана курорттук региондорду (райондорду), табигый дарылык ресурстардын чалгындалган запастарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программаларын ишке ашырат жана аларды координациялоо тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, курортторду жана курорттук региондорду (райондорду) изилдөө, өнүктүрүү жана пайдалануу, сервисти жана эс алуу индустриясын өнүктүрүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат; Кыргыз Республикасынын курорттук фондунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартибин аныктайт; табигый дарылык ресурстардын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин, курорттордун жана алардын жерлеринин сарамжалдуу пайдаланылышына, коргоого жана санитардык (тоо-санитардык) коргоону камсыз кылууга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу тартибин аныктайт; Кыргыз Республикасынын курорттук фондун кеңейтүү жана аны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле курорттук дарылоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо максаттарында илимий изилдөөлөрдү уюштуруу тартибин аныктайт.";
7) 5-статьянын аталышында жана 1-бөлүгүндө "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 6-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
9) 7-статьянын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
10) 8-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Табигый дарылык ресурстарды иштеп чыгуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана лицензиялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.";
11) 10-статьянын 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 12-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 13-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Табигый дарылык ресурстарды, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди, ошондой эле курортторду жана алардын жерлерин коргоо санитардык (тоо-санитардык) коргоо округдарын белгилөө аркылуу жүзөгө ашырылат."; 9-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
14) 16-статьяда "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын ыйгарым укуктуу прокурорлору" деген сөздөр "прокуратура органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
15) 17-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (7)
- Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 4
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 20-майындагы № 5107-V "Табигый дарылык ресурстар, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.05.2015 · № 5107-V
- КР Жогорку кеңешинин 2016-жылдын 14-январындагы № 187-VI "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 14.01.2016 · № 187-VI
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 токтомуПостановление · 16.08.2016 · № 445
- Постановление Правительства КР от 26 ноября 2002 года №806 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О природных лечебных…Постановление · 26.11.2002 · № 806 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 20 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 23.01.2015 · № 20 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 118 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө"…Постановление · 08.08.2016 · № 435 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 4