Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 16.02.2016 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: табигый дарылык ресурстар - ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо баткактары, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш объекттери жана шарттар; дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жерлер - табигый дарылык ресурсу бар жана дарылоону уюштуруу, дарттын алдын алуу, ошондой эле калктын эс алышына жарактуу аймак; курорт - дарылоо-дарттын алдын алуу максатында пайдаланылуучу, өздөштүрүлгөн, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы, анын табигый дарылык ресурстары, инфраструктура объектилерин кошо алганда аларды эксплуатациялоочу зарыл имараттары менен курулуштары болот; маанидеги курорт - дарылоо-дартын алдын алуу максатында пайдаланылуучу, өздөштүрүлгөн, мамлекеттик бийликтин республикалык органдарынын карамагына, белгиленген тартипте бекитилген өзгөчө коргоого алынган аймак; жергиликтүү маанидеги курорт - дарылоо - дарттын алдын алуу максатында пайдаланылуучу, өздөштүрүлгөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы, өзгөчө коргоого алынган аймак; курорттук регион (район) - курорт, санитардык (тоодогу санитары) коргоонун бириктирилген жалпы округу компакттуу жайгашкан аймак; курорттук иш - табигый дарылык ресурстарын колдонуунун негизинде ооруларды дарылоону жана алдын алууну уюштуруу, ишке ашыруу боюнча илимий-практикалык иш-аракеттин бардык түрлөрүнүн жыйындысы; санитардык (тоодогу санитардык) коргоо округу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чарба жүргүзүү, жашоо, жаратылышты пайдалануу режиминдеги, табигый дарылык ресурстарын, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлерди ага канатташ жайгашкан участкалары менен бирге булгануудан жана башкалардан коргоону жана сактоону камсыз кылуучу өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймагы. Табигый дарылык ресурстар кен байлыктарына кирүүчү (минералдык суулар, дарылоочу баткак ж.б.) дарылоо -ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор үчүн тоодогу санитардык коргоо округу белгиленет. Калган учурда санитардык коргоо округу гана белгиленет. Санитардык (тоодогу-санитардык) коргоо округунун тышкы контуру дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлердин, курорттун, курорттук региондун (райондун) чеги болуп саналат; санаториялык-курорттук уюмдар - мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана менчиктин башка формасында турган санаторийлер, профилакторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү жана базалар, спорттук-ден соолук чыңдоочу лагерлер, балдар лагери, туристтик базалар жана башка дарылоо-ден соолукту чыңдоочу мекемелер; пайдалануучулар - лицензиянын негизинде табигый дарылык ресурстарын иштеп чыгууну жана колдонууну ишке ашыруучу юридикалык жактар жана жеке адамдар; Кыргыз Республикасынын курорттук фонду - табылган жана эсепке алынган жаратылыштагы дарылоо бардык ресурстары, дарылоо-ден соолук чыңдоочу жерлер, ошондой эле курорттор менен курорттук региондор (райондор). (КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.02.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2016 года № 16 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О природных лечебных ресурсах, лечебно-оздоровительных местностях и курортах"Редакцияларды салыштыруу
16.02.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…негизги түшүнүктөр колдонулат:
табигый дарылык ресурстар - кошулду: ооруларды дарылоо жана оорулардын алдын алуу жана эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылуучу минералдык суулар, дарылоо алынып салынды: баткагы, кошулду: баткактары, лимандардын жана көлдөрдүн рапасы, дарылоо климаты, башка жаратылыш алынып салынды: объектилери менен шарттар, булар дарылоо, дарттын алдын алуу, эс алууну уюштуруу үчүн пайдаланылат. Жаратылыш объектилери менен шарттардын дарылоо касиеттери Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин органдарынын корутундусу боюнча көп жылдык практиканын, илимий изилдөөнүн негизинде белгиленет кошулду: объекттери жана алынып салынды: расмий түрдө ошондой деп таанылат;
кошулду: шарттар;
дарылоо - ден соолукту чыңдоочу жерлер - табигый дарылык ресурсу бар … аларды эксплуатациялоочу зарыл имараттары менен курулуштары болот;
алынып салынды: республикалык маанидеги курорт - дарылоо-дартын алдын алуу максатында … алдын алуу максатында пайдаланылуучу, өздөштүрүлгөн, жергиликтүү алынып салынды: мамлекеттик бийлик кошулду: өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы, өзгөчө коргоого алынган аймак;
курорттук … чеги болуп саналат;
санаториялык-курорттук уюмдар - мамлекеттик, алынып салынды: акционердик, жамааттык, кошулду: муниципалдык, жеке алынып салынды: же кошулду: жана менчиктин башка алынып салынды: менчиктин карамагында кошулду: формасында турган санаторийлер, профилакторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү … жерлер, ошондой эле курорттор менен курорттук региондор (райондор).
кошулду: (КР 2016-жылдын 16-февралындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-январындагы № 20 "Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 23.01.2015 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/312/st-1" title="1-статья - Табигый дарылык ресурстар, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жерлер жана курорттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>