16-статья. Депутатка отчет берүүлөрдү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2016 года № 124
Депутатка отчеттор берүү жана шайлоочулар менен жолугушуулар өткөрүү үчүн зарыл шарттар камсыз кылынат. Жергиликтүү кеңеш депутаттардын шайлоочулар алдында отчеттор берүүсүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт, аларды отчет үчүн зарыл болгон маалымат жана кабар материалары менен өз убагында камсыз кылат. Депутаттын отчету өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы чогулуштар өткөрүү үчүн имарат-жай бөлүп беришет, алар өткөрүлүүчү убакыт жана жер жөнүндө шайлоочуларга кабарлайт, ошондой эле депутатка анын шайлоо округундагы ишин илгерилетүүчү башка чараларды көрөт. Депутаттардын отчеттору жана шайлоочулар менен жолугушуулары массалык маалымат каражаттарында чагылдырылат. Депутаттардын шайлоочулар алдындагы отчетторун өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен алынат. (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өз убагында камсыз кылат.
Депутаттын отчету өткөрүлгөн жергиликтүү алынып салынды: кеңештин кошулду: өз алдынча башкаруунун аткаруучу алынып салынды: комитеттери, кошулду: органдары, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы чогулуштар өткөрүү үчүн имарат-жай бөлүп беришет, алар өткөрүлүүчү убакыт алынып салынды: жа-
на кошулду: жана жер жөнүндө шайлоочуларга кабарлайт, ошондой эле депутатка анын … чыгымдар тийиштүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен алынат.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/311/st-16" title="16-статья - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>