Ош шаардык кеңешинин «Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XIV СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2022-жылдын 15-ноябрындагы № 93
Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-16-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүүнүн төмөндөгү графиги бекитилсин:
№1 “Туран” МАБы -05.12.2022-ж. саат 14-00 №2 “Сулайман-Тоо” МАБы -06.12.2022-ж саат 14-00 №3 “Керме-Тоо” МАБы -07.12.2022-ж. саат 14-00 №4 “Манас Ата” МАБы -01.12.2022-ж. саат 14-00 №5 “Амир-Темир” МАБы -08.12.2022-ж. саат 14-00 №6 “Курманжан-Датка” МАБы -02.12.2022-ж. саат 14-00 Жапалак ААМБ -28.11.2022-ж. саат 14-00
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов) бекитилген графикке ылайык, депутаттардын отчет берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү үчүн, имарат-жайды камсыздоо, тиешелүү шарттарды уюштуруу жана жолугушуу өткөрүлүүчү убакыт жана жер жөнүндө шайлоочуларды кабарлоо тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Э.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөЗакон · 13.01.2000 · № 3