Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-статья. Депутаттык суроо-талап жана депутаттык суроо
Күчүндө · 21.01.2025 редакциясы · 2-БӨЛҮМ
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 июля 2016 года № 124
Депутаттык суроо-талап - бул депутаттын алдын ала же жергиликтүү кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин төрагасына, төраганын орун басарына, жергиликтүү кеңештин комиссияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү кеңештин аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына, анын орун басарына, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын жана башка кызматтарынын жетекчилерине билдирген маселени чечүү, коомдук мааниге ээ болгон жана жергиликтүү кеңештин тескөөсүнө кирген маселелер боюнча расмий түшүндүрмө берүү же көз карашын баяндоо талабы. Суроо-талап депутат же депутаттар тобу тарабынан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө киргизилиши мүмкүн, суроо-талап жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуулоо жүргүзүлүшү жана чечим кабыл алынышы мүмкүн. Жергиликтүү кеңештин төрагасы суроо-талаптын текстин, ал коюлган тийиштүү органга же кызмат адамына жеткирет. Суроо-талап коюлган орган же кызмат адамы жергиликтүү кеңеш белгилеген мөөнөттө ага оозеки же жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Суроо талапка жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат. Депутаттык суроо - бул, кайсы бир же башка маселе боюнча депутаттын маалымат алуу жолу. Суроого жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыяланышы же депутаттын өзүнө берилиши мүмкүн. Суроо сессиялардын күн тартибине киргизилбейт, талкууланбайт жана ал боюнча чечим кабыл алынбайт. (Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № 182, 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июля 2016 года № 124 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 октября 2004 года №182 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутатов местных кенешей"Редакцияларды салыштыруу
20.07.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жергиликтүү кеңештин төрагасына, төраганын орун басарына, кошулду: жергиликтүү кеңештин комиссияларына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу алынып салынды: комитетке, аткаруучу комитеттин бөлүмдөрүнүн, башкармаларынын кошулду: органынын башчысына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана алынып салынды: башка органдарынын кошулду: аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине, менчигинин түрүнө карабастан, жергиликтүү кеңештин … алынбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 15-октябрындагы № алынып салынды: 182 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 182, 2016-жылдын 20-июлундагы № 124 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/311/st-11" title="11-статья - Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>