Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 18-февралы № 93 Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине (ББ ТР 021/2011), "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияны (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө жободо:
- преамбуласы "Бул Жобо" деген сөздөрдөн кийин "тамак-аш продукциясын жана тамак-аш сырьесун кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пунктундагы "тамак-аш азыктарын, дары" деген сөздөр "дары" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19. Калкка жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаратышы мүмкүн болгон инфекциялуу продукцияны жок кылуунун алдында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана айыл чарба чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө зыянсыздандыруу керек.".
3. Иши ушул токтомду жүзөгө ашырууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23 жарыяланды
Премьер-министр
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу контролго алынуучу товарларды ташып кирүүдө, алып чыгууда, транзиттөөдө жана алып өтүүдө мамлекеттик ветеринардык контролду…Инструкция · 13.05.2026 · № 05/2-17/118
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Административдик Регламенти "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдар…Административный регламент · 27.07.2023 · № 248-ни
- Положение о порядке уничтожения (переработки) продукции (товаров), признанной непригодной к реализации ( Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 9 июля…Положение · 09.07.1997 · № 407
- КР Министрлер Кабинетинин "Техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышына мамлекеттик контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө" ЖОБОПоложение · 07.02.2022 · № 60
- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген тамак-аш продукциясын алып салуу жана кайтарып алуу жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 18.02.2020 · № 93
- Сапаты жана коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга шайкеш келбеген кооптуу тамак-аш продукциясын утилдештирүү жана жок кылуу тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын…Положение · 18.02.2020 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 24-октябрындагы № 551 ("Кыргыз Республикасында тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө"…Распоряжение · 24.10.2024 · № 551
- Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105…Порядок · 03.03.2025 · № 105
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын аймагында продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн "Халал" стандарттарына шайкештигин…Постановление · 12.09.2017 · № 554 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 719 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 12-сентябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.12.2022 · № 719 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Постановление Правительства КР от 9 июля 1997 года N 407 "О порядке уничтожения (переработки) продукции (товаров), признанной непригодной к реализации"Постановление · 09.07.1997 · № 407
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон