Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы№ 48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияга төлөм өлчөмү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-февралы № 13/8 Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы№ 48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияга төлөм өлчөмү жөнүндө” токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасындагы “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзам талабын аткаруу максатында жана “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” мыйзамдын 13-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамдын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы №48/7 “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензияга төлөм өлчөмү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөйөзгөртүүлөр бекитилсин:
-1-пункт төмөнкү мазмундагы 9, 10 абзацтар менен толукталсын: “-маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдүишке ашыруу ыкмаларына негизделген төлөм системалары аркылуу өзүнүн ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана эсептерди жүргүзүү боюнча кызматтарды сунуштоо үчүн - эсептик көрсөткүчтүн он эселенген өлчөмүндө; -бул процессингдик, клирингдик борбордун төлөм тутумунун катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептери боюнча каржылык маалыматты (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштетүүжана берүү боюнча кызматтарды көрсөтүү- эсептик көрсөткүчтүн он эселенген өлчөмүндө.”.
2. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
4. Токтом расмий жарыялангандан он беш календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 48/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2007 · № 48/7
- "О размере сбора и платы за лицензии, выдаваемые Национальным банком Кыргызской Республики"Постановление · 08.06.2017 · № 2017-П-12/23-4-(НПА)
Шилтеме берет (4)
- КР Улуттук банкынын башкармасынын 2007-жылдын 14-ноябрындагы № 48/7 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан берилүүчү лицензия үчүн төлөм өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2007 · № 48/7
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон