Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк башкармалыгынын ««Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Мыйзамынын 43-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароого сунушталган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/4 токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобо ушул токтомдун 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун нормалары колдонууга киргизилген күндөн тартып күчүн жоготкон катары таанылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Юридика башкармалыгы бул токтом расмий жарыялангандан кийин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун нормалары Автоматташтырылган тоорук системасы өнөр жайлык пайдаланууга киргизилгенден тартып колдонула тургандыгы белгиленсин.
7. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Абдыбалы тегин С. мырзага жүктөлсүн.
Төрага
З. Асанкожоева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо" (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №…Положение · 28.03.2013 · № 10/13
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 17/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 26.04.2017 · № 17/3
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын…Положение · 29.09.2011 · № 55/4 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ 2010-жылдын 29-сентябры №55/4 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралууПостановление · 29.09.2011 · № 55/4
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын валюталык своп-операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобо" (Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы №…Положение · 28.03.2013 · № 10/13
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-5-(НПА) "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/13 "Кыргыз…Постановление · 31.01.2018 · № 218-П-09/4-5-(НПА)